Украинанын «X-Factor» долбоорунун катышуучусу, «Золотой Микрофон» музыкалык сынагынын жеңүүчүсү, ырчы Айым Айылчиева Kloop радионун эфиринде ата-энесине болгон сагынычы, Аяна Касымова менен атаандаштыгы тууралуу ушактар жана украиналык шоуго катышуу үчүн билдирмени апасы ага билдирбестен толтурганы жөнүндө айтып берди.

Сахнага чыгууга анчалык деле тырышкан эмесмин, бирок кичинекей кезимен баштап эле сахнада ырдоону кыялданчумун. Мен ата-энемдин аркасы менен гана сахнада ырдап жүрөм. Ырчылык карьерам КТРКдагы «Волшебная страна» сынагына катышканымдан кийин башталган.

«X-факторго» катышууга билдирмени апам менден жашырып толтурган экен. Күндөрдүн биринде кечке жакын телефон шыңгырап: «Саламатсызбы, сиз тандап алуу туруна өттүңүз, сизди телевизиондук кастингде күтөбүз», деп айтышты. Мага абдан жагымдуу болду, чынында эле чакыргандыктарына ишене алган эмесмин.

Мен сахнага чыгардын алдында сынакка катышып жаткандардын жетөөсү өтпөй калышкан, андан улам мен сарысанаа болуп баштагам — а балким жаман ырдап өтпөй калаттырмын деп. Мен үчүн ар бир сынак же долбоор — бул чоң тажрыйба, алардын ар бирине катышуу кызыктуу, анткени аларда өзүмө өзүм сырттан көз салып, өз мүмкүнчүлүктөрүмдү баалайм.

Биз Аяна Касымова экөөбүз ортобуздагы атаандаштык тууралуу айтылган ушактарды жок кылуу үчүн бирге ырдап чыгуу чечимине келгенбиз. «Ата-эне» деген ырга даярданып жатканда анда мен бир жыл Казакстанда болуп, үйгө барбай жүргөндөгү ата-энеме болгон сезимдерим камтылганын түшүндүм.

«Золотой микрофон» долбоорунда өтө күчтүү атаандаштык болгон жана ал мага абдан жаккан, анткени алсыздарды утуу — бул жеңиш эмес. Биринчи орун үчүн байге фонду 100 миң сомду түзгөн.

Мен өзүмдүн үнүм жана өзүмдү сахнада алып жүргөнүмө дагы деле толук канааттана элекмин. Дагы да болсо өсүп, жакшы иштерди жасап, кайрымдуулук менен алектенип, мыктылыкка жетишүү менен үлгү болууну каалайм.