№50 тергөө абагынын каза болгон кызматкерлеринин туугандары Бищкекте журналисттердин алдында маалымат жыйынын өткөрүштү. 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунда жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен болчу. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, кийинчерээк төртүнчүчү ооруканада каза болгон.

Абактан качуу

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качкан. Алардын бешөөсү ошол эле түнү колго түшүрүлүшкөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз жагдайларда түрмөдө каза болушкан.

Качып кеткендердин үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев — аларды колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Кылмышкерлердин дагы бирөөсү — Эдил Абдрахманов — 22-октябрда тирүү кармалган. Колго түшүрүү маалында аны бутка атышкан.