Абактан качкан кылмышкерди колго түшүрүү боюнча өткөрүлгөн атайын операциядан кийин «Super.kg» порталынын кабарчысы сабалып, тонолгон, деп билдирүүдө басылманын өзү. Порталдын версиясы боюнча, окуя милиция кызматкерлеринин көзүнчө болгон.

Журналисттин сабалгандыгы тууралуу аталган портал билдирди. Басылмадагы маалыматка ылайык, абактан качкан Алтынбек Итибаев менен болгон атышуу аяктагандан кийин белгисиз адамдар гезиттин журналисти Алтынбек Итибаевдин артынан келишип, «эч себепсиз эле» аны ура башташкан.

Андан соң анын атайын операция маалында иштеп жүргөн камерасын тартып алышкан.

Андан алыс эмес жерде курчоодо турган милиция кызматкерлери журналистке жардам көрсөтүшкөн эмес, болгону аны сабап жаткандарга токтоткула деп гана кыйкырышкан. Бул тууралуу super.kg Орозумбетовго шилтеме жасап жазган.

Басылма кабарчы кимдир бирөөнүн беделин түшүрчү материалды тартып алган болушу мүмкүн, ошондуктан ушундай окуя болду деп эсептейт.

Орозумбетов Kloop.kgге курган маегинде милиционерлердин биринин айтымында, анын камерасын ыкчам топтун кызматкерлери тартып алышканын кабарлады.

«Кечээ мен шаардык милиция бөлүмүндө [бул окуя боюнча] арыз жазып жатканда жаныма Темирлан деген кызматкер келди, мен андан камерамды кимдин тартып алганын сурадым. Ал: "Камераны биздин ыкчам топтун кызматкерлери алышкан, бүгүн жумушка чыкканда беришет, азыр алар эс алып жатышат", деп айтты», — деди журналист.

Ошентсе да Орозумбетов аны ИИМ кызматкерлери сабашкан деп так кесе айткан жок.

«Мени ыкчам топтун кызматкерлери сабашкан деп айта албайм, анткени алардын бардыгы тең [сабагандар] жарандык кийимчен болушкан. Алардын ким экендиктерин билбейм. Анда жарык жок болчу, ошондуктан алардын беттерин көргөн эмесмин», — деп түшүндүрдү ал.

ШИИБнин басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде азырынча аларда бул окуя боюнча расмий түшүндүрмө жок экенин айтты.

№50 тергөө абагынан качып кеткен Алтынбек Итибаев 22-октябрь күнү ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан Бишкектеги «Достук» кичи районунда өлтүрүлгөн. Ал — абактан качып, кармала элек кылмышкерлердин акыркысы болчу. Операциянын жүрүшүндө эки жергиликтүү тургун менен бир милиция кызматкери да каза болгон.