№50 абактан качкандан кийин колго түшкөн Муратбек Жумалиев түрмөдө каза болду. Азырынча анын өлүмүнүн себептери белгисиз. Ал абактан качып, ошол эле түнү кармалган беш кылмышкердин арасында болгон, алардын бирөөсү кечээ, дагы бирөөсү бүгүн эртең менен түрмөдө каза болушкан.

Биринчилерден болуп Жумалиевдин өлүмү тууралуу «АКИпресс» агенттиги билдирди — анын маалыматы боюнча, ал 21-октябрда каза болгон. Азырынча анын өлүмүнүн себептери белгисиз.

Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы азырынча Жумалиевдин каза болгондугу тууралуу маалымат «расмий эмес мүнөзгө ээ» экенин билдирди.

«Биздин кызматкерлер азыр [№47 абакка] кетишти, бул маалыматты текшеришет. Андан кийин гана расмий билдирүү болот», — деди мекеменин басма сөз катчысы Александр Никсдорф Kloop.kgге берген маегинде.

Анын айтымында, №47 абактан эртең менен эле Жумалиевдин оор абалда экендиги жана ага кан куюлгандыгы тууралуу маалымат келген.

Никсдорф абактагылар каза болгон ар бир учур боюнча тергөө жүрүп жатканын белгиледи.

2012-жылы Муратбек Жумалиев Токмок шаардык соту тарабынан адам өлтүрүү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эки күн ичинде үч өлүм

Жумалиев бүгүн абакта каза болгондордун экинчиси. Эртең менен №50 абактан качып, ошол эле түнү кармалган Бакыт Кенжегулов да аталган түрмөдө көз жумган.

ЖАМКнын маалыматы боюнча, Кенжегуловдун өлүмүнө болжол менен «баш сөөгүндөгү жаракат» себеп болгон — мекеменин басма сөз кызматынан  азырынча алар жаракаттын ким тарабынан жана качан келтирилгендигин билбей тургандыктарын белгилешти. Кылмышкердин өлүмүнүн жагдайларын учурда жүрүп жаткан тергөө аныкташы керек.

Күн мурун — 20-октябрда — №50 абактан качып ошол эле түнү кармалган беш кылмышкердин арасында болгон Таалайбек Жуманов башка түзөтүү мекемесинде каза болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Жумановдун өлүмүнө «өткүр жүрөк кемтиги» оорусу себеп болгон, бирок аны учурда тергөө абагында иш жүргүзүп жаткан тергөө тобу так аныктайт.

Кенжегулов менен Жуманов  11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 тергөө абагынан качып кеткен тогуз кылмышкердин арасында болушкан. Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан. Кийинчерээк ал алган жараттарынан улам ооруканада көз жумган.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери Жумановду, Кенжегуловду жана алар менен бирге качкан дагы үч кылмышкерди 12-октябрь түнү алыс узатпастан эле колго түшүрүшкөн.

Учурда абактан качкандардын экөөсү эркиндикте калууда: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов. Калган экөө — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракети» үчүн милиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.

Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.

Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.