Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) башчысы кылмышкерлер качкан №50 тергөө абагынын жетекчилерин жумуштан алды. Учурда кылмышкерлердин экөөсү эркиндикте калууда.

ЖАМКнын басма сөз кызматы массалык жумуштан алуулар менен абактын курамынын алмаштырылышы тууралуу 21-октябрда билдирди. Себеп — «иштеринде №50 тергөө абагынан кылмышкерлердин качуусуна жана кызматкерлердин өлүмүнө алып келген олуттуу каталар».

Кызматтарынан алынгандардын тизмеси:

  • №50 тергөө абагынын башчысы, ички кызматтын полковниги И. Телтаев;
  • Башкы ыкчам режимдик башкармалыктын башчысы;
  • Тарбия иштери башкармалыгынын башчысы;
  • Режим жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • Күзөт жана коштоп жүрүү департаментинин батальонунун командири;
  • байланыш жана техникалык камсыздоо тобунун улук инспектору;

№50 тергөө абагындагы кыскартуулардан сырткары №2, №3, №8 жана №16 түзөтүү абактарынын начальниктери да кызматтарынан бошотулушту.

Бул жумуштан алуулар №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткенден кийин болууда. Качуу маалында кылмышкерлер ЖАМКнын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылышкан, ал бир нече күндөн кийин ооруканада көз жумган.

Чүй облустук милиция кызматкерлери алардын бешөөсүн ошол эле түнү колго түшүрүшкөн. Алардын үчөөсү белгисиз жагдайларда тергөө абагында каза болушту.

Учурда абактан качкандардын экөөсү эркиндикте калууда: Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов. Калган экөө — Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев «каршылык көрсөтүү аракети» үчүн милиция кызматкерлери тарабынан атылып өлтүрүлүшкөн.

Кадыралиев «Дордой» конушунда 16-октябрда өлтүрүлгөн — анда ИИМ колго түшүрүү маалында анын колунда бычак болгон жана ал каршылык көрсөткөн деп билдирген.

Мүсүралиевди милиция кызматкерлери 20-октябрда ушуга окшош эле шартта Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде атып жок кылышкан. ИИМден ал мал сарайда жашырынып жүргөндүгүн жана милицияга каршылык көрсөтүү аракетин көргөндөн кийин атылганын билдиришкен.