Кыргыз ырчысы Омар «I Believe I Can Fly» ырын Праганын аянтында аткарды — видеону шоумен Нурсултан Майназаров «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына жайгаштырды. Учурда кыргыз артисттеринен турган топ Европада гастролдо жүрөт.

Омар деген ат менен белгилүү кыргыз эстрада ырчысы Өмүрбек Жанышев Праганын Старомест аянтында музыкант Ар Кэллинин «I Believe I Can Fly» ырынын үзүндүсүн аткарды.

Анын аткаруусу тартылган кыска видеону шоумен Нурсултан Майназаров социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жайгаштырды. Учурда ал Европада гастролдо жүргөн кыргыз эстрада ырчылары Мирбек Атабековду, Омарды жана Арсенди коштоп жүрөт.