Кыргызстан курамасы компьютердик Counter-Strike: Global Offensive (CS:GO) оюну боюнча дүйнө биринчилигинде 79 өлкөнүн ичинен 5-орунга ээ болду. Кыргызстандыктар тандап алуу оюндарынан өтүп, чейрек финалга жеткенде Польшанын оюнчуларына утулуп калышкан.

CS:GO боюнча дүйнөлүк чемпионат 8-октябрдан 11-октябрга чейин Сербиянын борбору Белградда өттү. Финалга өтүү үчүн 79 өлкөдөн барган командалар мелдешке түшүштү. Кыргызстан дүйнөлүк чемпионатка катышуу укугуна Азиядагы тандап алуу оюндарында үчүнчү орун алгандан кийин ээ болгон.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 100 миң АКШ долларын түздү.

Кыргызстандын атынан беш оюнчу катышты — Бакир Курбаналиев (капитан), Диас Байбулатов, Александр Семкин, Мухамед Абдулаянов жана Алишер Махмутов.

Кыргыз курамасы чейрек финалга чейин жетти. Алар анда Польшанын оюнчуларына каршы ойношуп, эки оюндун жыйынтыгында жеңилип калышты.

Жыйынтыгында Кыргызстан курамасы Германия, Канада жана Норвегия менен бирге байгелүү деп эсептелген бешинчи орунга ээ болду — аталган командалардын ар бири 2,5 миң АКШ долларынан алышты. Азырынча бул CS:GO боюнча эл аралык чемпионаттардагы өлкөнүн эң жогорку жетишкендиги.

Видео: Кыргызстан жана Польша курамаларынын ортосундагы биринчи оюн

Видео: Кыргызстан жана Польша курамаларынын ортосундагы экинчи оюн

Чемпионатта биринчи орунду Франция курама командасы алып, 50 миң долларлык байгеге ээ болду. Экинчи орунду Польша алса, үчүнчү орунду Орусия менен Швеция өз ара бөлүшүштү.

Демөөрчү издөөдөгү кыйынчылыктар

Кыргызстандык Диас Байбулатов Kloop.kgге курган маегинде алардын тандап алуу оюндарында жеңишке жетүүсүнө «тырышчактык, чеберчилик жана ийгилик» жардам бергендигин айтты — анда кыргыз курамасы беделдүү оюнчулардан турган Индия жана Палестина курамаларын чоң эсеп айырмасында утуп алган.

Анын айтымында, чемпионаттын өзүнө баруу бир канча кыйынчылыктар менен коштолгон — виза алуудан баштап демөөрчү издөөгө чейин. Жыйынтыгында оюнчулардын Белградка баруусун команданын менеджерлери Хазым Курбаналиев менен Виталий Пак каржылашкан.

«Бешинчи орун — бул чек эмес. Африканын мыкты командасы эсептелген Тунисти жеңип, Орусия (быйылкы чемпионаттын коло байгесинин ээси) жана Польша (чемпиоанттын күмүш байгесинин ээси) менен дээрлик тең ойногондон кийин биз Азияда гана эмес, дүйнөдө да мыкты боло алабыз деп ишенимдүү айтууга болот», — деди Байбулатов.

Видео: Кыргызстан жана Тунис курамаларынын оюну (тайпадан чыгуу үчүн болгон оюн)

Видео: Кыргызстан жана Орусия курамаларынын оюну (тайпадан чыгуу үчүн болгон оюн)

Counter-Strike — бул ар бир тарап (атайын аскер бөлүгү же террорист) бир нече раунддун жыйынтыгында өз атаандашын жеңиши керек болгон шутер жанрындагы компьютер оюну. Раундда каршылаш команданын оюнчуларын жок кылып же берилген тапшырманы аткаруу менен жеңишке жетүүгө болот.

Counter-Strike сериясы — персоналдык компьютердеги компьютердик оюндардын эң белгилүүсү, аптасына аны тармактар аркылуу 7 миллионго жакын оюнчу ойнойт.

Автор: Сайкал Токтогулова