Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы жаңы чакырылыштын депутаттарына жаңы креслолорду сатып алуу үчүн жарыяланган 2,6 миллион сомдук тендерди токтотту. Бул коомчулуктун кескин сындоосунан кийин болууда.

13-октябрда Мамлекеттик сатып алуулар порталында Парламенттин иш башкармалыгы жаңы чакырылыштын депутаттары үчүн креслолорду сатып алууга жарыяланган тендерди токтоткондугу жазылган билдирүү пайда болду.

Тендердин токтотулушунун себеби катары «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдын 31-беренесинин биринчи пункту келтирилген. Анда төмөндөгүдөй деп жазылган:

«Эгер сатып алуу зарылчылыгы жоюла турган болсо, анда сатып алып жаткан уюм келишим түзүлгөнгө чейинки каалаган убакта мамлекеттик сатып алуулар процедурасын токтото алат».

Жаңы креслолорду сатып алуудан баш тартуу жарандык активисттер менен социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары парламенттин бул демилгесин кескин сынга алгандан кийин болууда.

Жаңы креслолорду сатып алууга билдирме мамлекеттик сатып алуулар порталында 8-октябрда пайда болгон — парламенттин иш башкармалыгы ар бир кресло үчүн 22 350 сом, а бардыгы үчүн 2,6 млн. сом коротууну пландап жаткан.

Билдирме пайда болору менен социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары «#120кресел» теги менен өнөктүк башташкан —алар парламенттин жаңы чакырылышы үчүн креслолордун сатылып алынышына нааразычылык билдирүү чакырыктары менен өз жумушчу орундарындагы отургучтарынын сүрөттөрүн жайгаштырышкан.

Анда учурдагы депутаттардын жана парламенттин VI чакырылышына өткөндөрдүн бир катары креслолордун мындай суммага алмаштырылышына каршы пикирлерин билдиришкен.

11-октябрда болсо avaaz.org сайтында петиция пайда болгон. Анда анын авторлор 2,6 млн. сомго кресло сатып алгандан көрөк ал сумманы рак менен ооругандарга дары-дармек жана медициналык жабдууларды сатып алууга жумшоого чакырышкан.