Социалдык тармактардын кыргызстандык колдонуучулары #120кресел теги менен флешмоб башташты. Алар мындай жол менен парламент тарабынан депутаттарга жаңы креслолордун сатылып алынышына нааразычылыктарын билдирип жатышат. Сатылып алына турган креслолордун жалпы баасы 2 миллион 682 миң сомго бааланууда.

Парламентке 120 жаңы кресло сатып алуу тууралуу билдирүү мамлекеттик сатып алуулардын сайтында 8-октябрда пайда болгон — Жогорку Кеңешти иш башкармалыгы депутаттар үчүн жаңы креслолорго 2 миллион 682 миң сом коротуу ниетинде.

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан креслолор пленардык жыйындар өтө турган залга алынарын билдиришти. Алар ал жакка акыркы жолу жаңы креслолор беш жыл мурда — 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин коюлуп, андан бери эмерек «эскиргенин» айтышты.

«Беш жыл ичинде креслолор эскирип, алардын бурагычтары, дөңгөлөк буттары жешилди. Аларды карап чыктык. Биздин эсеп боюнча ар бир кресло 310 доллардан айланат», — деп билдиришкен иш башкармалыктан Sputnik агенттигине.

Тендердеги билдирмеде креслолор жогорку сапаттагы натуралдык булгаары менен капталган, оор металлдар менен формальдегид жок, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө ала турган болушу керектиги көрсөтүлгөн.

КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен депутат Дастан Бекешев 24.kg агенттигине аларга азыркы креслолор деле жарай тургандыгын айтышкан.

Парламент тарабынан жаңы креслолордун сатылып алынаары тууралуу жаңылык социалдык түйүндөрдө кызуу талкууларды жаратты. Алардын колдонуучулары #120кресел деген тег менен флешмоб баштап, өздөрүнүн жумушчу креслолору менен отургучтарынын сүрөттөрүн жайгаштырышып: «Мен өз кресломо ыраазымын, а депутаттар эмнеге ыраазы эмес?» деп жазып башташты.

kr01

kr02

Билим берүү министри Эльвира Сариева дагы кыйыр түрүндө «Твиттердеги» флешмобго кошулду — ал талкуулардын арасына өзүнүн жумушчу отурчугунун сүрөтүн кошкон:

«Твиттердин» @amanturkg аттуу колдонуучусу депутаттардын креслолоруна альтернатива катары кыргыз төшөктөрүн сунуштаган:

@too_tiken деген колдонуучу болсо жумушчу ордунда креслонун ордуна чоң резина шарында отурарын билдирди:

«Мен дагы өз кресломо ыраазымын. Кааласам отурам, кааласам термелейм», — деп жазды @Mackenova аттуу колдонуучу твитине жыгач отургучтун сүрөтүн тиркеп.