Бишкекте жарандык активист Болот Ибрагимовдон пара талап кылган Жол кайгуул кызматынын инспекторлорунун иши боюнча соттук процесс башталды. Алгачкы жыйын бир нече мүнөткө созулду — судья процесске кечигип калып, аны кийинки күнгө жылдырды.

ЖКК кызматкерлеринин иши боюнча процесс Бишкектин Октябрь райондук сотунда 8-октябрда башталды, бирок судья Чыңгыз Адамкуловдун кечигип келгендигинен улам алгачкы жыйын кийинки күнгө жылдырылды.

ЖКК кызматкерлеринен сырткары соттолуучулардын катарында мекеменин штаттан сырткаркы кызматкери, сотто жабырлануучу катары өтүп жаткан активист Болот Ибрагимовдун видеосунун каарманы, интернетте «дрыщ» деген атка ээ болгон Адилет Жунусов да болду.

Ал видеодо Жол кайгуул кызматынын эки инспектору 5 миң сом пара талап кылууга аракет кылгандыктары тартылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, мекеменин «штаттан сырткаркы кызматкери» активисттерге карата «чагымчылдык» кылган.

14-июлда Жунусов менен бирге ЖККнын эки кызматкери кармалып, «пара талап кылууга» жана «кызмат абалдарын ашыкча пайдаланууга» айыпталышкан.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибраимовдун жарыялаган видеосу ЖККнын дарегине көптөгөн сын-пикирлердин жаралуусуна себеп болгон.

Алгач Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирлерден кийин мекеме аларды кызматтан кетирген.