«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды кайрадан санап чыгуу өтүнүчү менен Боршайкомго арыз жолдоду. БШКдан ал өтүнүчтү канааттандырышып, добуштарды кайра санап чыгууну 24-октябрга чейин аяктай тургандыктарын убадалашты.

Партия тарабынан БШКга арыз берилгендиги тууралуу 24.kg агенттигине «Бүтүн Кыргызстан Эмгектин» катчылыгынан билдиришкен.

Арызда партия «бардык мыйзамдуу жолдор менен» добуштардын кайрадан саналышына, «добуш берүүдөгү мыйзам бузуулардын жоюлушуна жана бир катар шайлоо тилкелеринде жыйынтыктардын чыгарылышына» жетишүүгө аракет кылары көрсөтүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге партиянын арызы боюнча добуштарды кайрадан санап чыга тургандыктарын билдиришип, ал иштер 24-октябрга чейин бүтүшү керектигин айтышты.

Мындай арыз жазуу ниети тууралуу партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров 6-октябрда эле билдирген. Анда ал Sputnik агенттигине «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо тилкелеринен 37 миң добуш айырма аныктап чыгышкандыгын айткан.

«Партиянын БШКдан добуштарды кайрадан санап чыгуусун талап кылууга мыйзамдуу укугу бар», — деп билдирген анда ал.

Өз кезегинде БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов Мадумаровдун айткандарын «чагымчылдык» деп атап, бирок эгер партиядан расмий арыз түшсө комиссия добуштарды кайрадан санап чыгууга даяр экенин убадалаган болчу.

«Мен арыз жазгыла, ошонун негизинде кайра саноо өткөрөбүз деп айттым. Бирок бул чагымчылдык. Андай болушу мүмкүн эмес. Бардык тилкелерде колго саноонун жыйынтыктары менен «акылдуу урналардын» маалыматтары дал келген», — деп билдирген Абдраимов.

Добуштарды электрондук саноодон кийин партия 6,15 пайыз добуш алып, анын парламентке өтүшүнө бир пайыздан аз шайлоочулардын колдоосу жетпей калган. 2010-жылы да ушундай болгон — анда да партияга шайлоочулардын бир пайыз добушу жетпей калган болчу.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өттү. Добуштарды электрондук эсептөө системасына ылайык, болжолдуу түрдө парламентке алты партия өткөн: КСДП, «Республика-Ата-Журт», «Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Бир Бол» жана «Ата Мекен».

БШКнын маалыматы боюнча, бул партиялар тиешелүү босого чектерден ашышкан — өлкө боюнча белгиленген 7 пайыздык жана аймактар үчүн белгиленген 0,7 пайыздык чектерден.