Kloop.kgнин кабарчысы Алтынай Джалмамбетова Хулкарпаша Сабирова менен байланышууга аракет кылды  — ал өзүнүн орусиялык жарандыгына карабастан БШК тарабынан «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын атынан парламенттик шайлоого талапкер катары катталган.

Kloop.kgнин кабарчысы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын штабынан Сабированы табууга аракет кылды. Бирок андан анын штабда жок экенин айтышты.

Партиянын басма сөз катчысы Сюита Сорубаева талапкердин орус жарандыгы тууралуу эч нерсе билбегендигин жана анын «кыргыз паспортун көргөнүн» айтты.

Сабированын өзү менен байланышууга мүмкүн болду, бирок ал Kloop.kgнин кабарчысы менен сүйлөшпөстөн бир аздан кийин чалуусун өтүндү. Анткен менен кийинки чалууларга жооп бербей койду.

Хулкарпаша Сабирова — болжолдуу жыйынтыктар боюнча «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттар тизмесине өтүшү мүмкүн болгон талапкер.

Орусиянын Федералдык салык кызматынын Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик тизмесиндеги маалыматка ылайык, Сабирова Орусиянын жараны болуп эсептелет.

Федералдык салык кызматынын маалыматтары боюнча, ал 2013-жылдын октябрынан 2015-жылдын сентябрына чейин жеке ишкер  жана Москва облусундагы Видное шаарындагы ресторан бизнесине ээлик кылган.

Тема боюнча: Шайлоо-2015: БШК депутаттыкка талапкер катары Орусиянын жаранын каттаган