Кыргызстандын Улуттук банкы 14-сентябрдан 7-октябрга чейин сомдун курсун кармап туруу үчүн 46 миллион доллардан ашык каражат коротуп үч жолу валюталык интервенция жасады. Бул аралыкта доллардын расмий курсу бир жарым сомдон ашык көрсөткүчкө жогорулаган.

Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун курсун кармап туруу үчүн бир айдын ичинде валюталык интервенцияларды жасоого 46 миллион 20 миң АКШ долларын короткон.

Интервенциялар 14чү жана 16-сентябрда 17,6 жана 18,3 миллион долларга, 5-октябрда 10,2 миллион долларга жасалган.

Ал аралыкта доллардын курсу 67,45 сомдон 69 сомго чейин жогорулаган. 7-октябрда АКШ доллары расмий түрдө Кыргызстанда 69,19 сомдон сатылууда.

Доллардын курсунун динамикасы akchabar.kg порталынын графикасында
Доллардын курсунун динамикасы akchabar.kg порталынын графикасында

2015-жылдын сентябрында Улуттук банктын эл аралык резервдеринин тез сатыла турган бөлүгү 1 миллиард 699 миллион 510 миң долларды түзгөн.

Экономика жана финансы боюнча эл аралык адис Данияр Айтман akchabar.kg порталына басылып чыккан материалда Улуттук банк валюталык интервенцияларды токтотушу керек деген пикирин билдирген.

Ал Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун эркин кое берилген абалда экендигин айтып жатканы менен «чынында андай эмес» экенин билдирген.

«Эл аралык валюталык кордун классификациясы боюнча, сомдун режими — эркин кое берүүдө эмес, а Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан валюталык интервенцияларды жасоо менен башкарылган режимдеги вариант», — деп жазган Айтман

Ал Улуттук банк олуттуу валюталык интервенциялары менен сомдун курсунун төмөндөшү үчүн «объективдүү рыноктук трендди кармап турат» деп эсептейт.

«Бул саясаттын айынан өлкөнүн атаандаштыкка туруктуулугу төмөндөп, валюталык резервдер маанисиз коротулууда. Бул кырдаалда Улуттук банкты айыптаганды жакшы көргөн валюталык чайкоочулар гана утушка ээ болуп жатышат», — деп билдирген Данияр Айтман.

Доллардын кымбатташы

Кыргызстанда америкалык валютанын кескин кымбатташы 20-августта, казак теңгесинин курсу эркин кое берилгенден кийин башталган. Эркин кое берүү деген бул Казакстанда доллардын курсу бийлик тарабынан эмес, а рынок тарабынан аныкталат дегенди түшүндүрөт.

Казак бийлиги мындай чечимди мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнөн улам кабыл алган — Казакстандын экспортунун жарымынан бир аз көбү аталган сырьену сатуунун эсебинен кармалып турат.

Казакстандагы валюталык өзгөрүүлөр Кыргызстанда ажиотаж жараткан — кыргызстандыктар менен Кыргызстандын борборунда жүргөн казакстандыктар кийин жогорураак баада сатуу максатында акча алмаштуруу жайларынан долларды арзан баада сатып ала башташкан.

Өз кезегинде акча алмаштыруу жайлары ал суроо-талапка доллардын курсун 61 сомдон 65 сомго чейин жогорулатуу менен жооп кылышты. Жеке акча алмаштыруу жайлары тарабынан жасалган мындай аракеттер кыргыз бийлигинин терс реакциясын жараткан.

Кыргызстандын өкмөтү менен Улуттук банкы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырышкан.

«Бизде доллардын курсунун өсүшү биздин калктын теңгенин курсу долларга карата абдан төмөн түшүп кетти деген чайкоочулук күтүүлөрүнө байланыштуу», — деп билдирген Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов.

Ал учурда Улуттук банктын резерви эки миллиард АКШ долларына жакын экенин, эгер зарылдык болсо анын бир бөлүгү валютанын курсун турукташтыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин кошумчалаган.