Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерге чакыруунун күзгү өнөктүгүн баштады. Жакынкы апталарда төрт миңдей аскерге чакырылгандар кызмат өтөө үчүн Улуттук гвардияга, чек ара кызматына жана башка бирикмелерге барышат. Алардан сырткары дагы жети миңи альтернативдик негизде кызмат өтөшөт.

Кыргызстанда кезектеги аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Бул күнү республикалык топтоо пунктунда Чүй облусунан жана Бишкектен чакырылган алгачкы жигиттерди салтанаттуу түрдө кызмат өтөөгө узатышты.

Анда ата-энелер бир жылдык мөөнөткө өлкөнүн ар кайсыл бөлүгүндөгү аскердик бөлүктөргө кызмат өтөөгө кетип жаткан балдары менен коштошушту.

Кыргызстанда жылына эки жолу аскерге чакыруу өнөктүгү өтөт: 1-апрелден 31-июнга чейин жазгы жана 1-октябрдан 31-декабрга чейин күзгү.

Кыргызстанда аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү бир жыл. Альтернативдик негизде кызмат өтөгөндөрдүкү 18 айды түзөт жана алар ар бир ай үчүн мамлекетке миң сомдон төлөп турушат.