«Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер Хулкарпаша Сабирова Орусиянын жарандыгына ээ — бул Орусиянын Федералдык салык кызматынын тизмесиндеги маалыматтар менен ырасталууда. Парламенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары боюнча, Сабирова парламенттин кийинки чакырылышына өтүшү мүмкүн.

Хулкарпаша Сабирова — болжолдуу жыйынтыктар боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты боло турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан талапкер (партия шайлоочулардын 9,3 пайызынын добушун алган жана болжолдуу түрдө парламенттеги 120 орундун 13үнө ээ болот).

Орусиянын Федералдык салык кызматынын Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик тизмесиндеги маалыматка ылайык, Сабирова Орусиянын жараны болуп эсептелет.

Федералдык салык кызматынын маалыматы боюнча, келечектеги кыргыз депутаты 2013-жылдын октябрынан 2015-жылдын сентябрына чейин жеке ишкер болуп эсептелген жана Москва облусунда ресторан бизнесине ээлик кылган.

sab1

Ошол эле мекеменин маалыматы боюнча, Сабировага ресторан бизнесинен сырткары кийим тигүү, дүңүнөн жана чекене соода кылуу, туристтик кызмат көрсөтүүлөр, көңүл ачуучу ишмердүүлүк сыяктуу 40тан ашык ишкерлик түрү жазылган.

sab4

sab5

Бул маалыматтарды интернеттен бекер эле таап көрүүгө болот —ал Орусиянын Федералдык кызматынын Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик тизмесинин маалыматтар базасын пайдаланган basis.seldon.ru жеке сервисинде көрсөтүлгөн. «Өнүгүүнүн» талапкеринин документтерин сайттын издөө сабына анын 225201569700 деген жеке салык номурун жазуу менен тапса болот.

Бирок анда сайтка катталуу талап кылынат, анын кызматтары бекер эмес, бирок каттоодон өткөндөн кийинки алгачкы 72 саатта сайтты бекер колдонсо болот.

sab2Ресторан бизнесин жапканга чейин Хулкарпаша Сабирова кыргыз парламентинин депутаттыгына талапкер катары катталган.

Ал «Өнүгүү-Прогресстин» талапкерлеринин тизмесине сегизинчи болуп жазылган жана депутаттык мандатка ээ болушу мүмкүн, анткени добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктарында анын партиясы парламенттеги 13 орунга ээ болгон.

sab6

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» Конституциялык мыйзам боюнча, чет өлкөнүн жарандары депутаттыкка талапкер боло алышпайт — мыйзамда «талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына ээ экендиги» шайлоодо аны талапкер катары каттоодон баш тартуунун себептеринин бири катары көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын Конституциясынын 73-беренесинде эгер депутат башка өлкөнүн жарандыгын ала турган болсо, ал ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсү керек деп жазылган.

«Жарандык тууралуу» мыйзамдын 22-беренесинде Кыргызстандын кош жарандуулукка ээ жаранынын Жогорку Кеңештин депутаты боло албастыгы көрсөтүлгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева Kloop.kgге курган маегинде Сабированын орус жарандыгы тууралуу эч нерсе билбестигин айтты.

«Эгер ал маалыматтар [Сабированын орусиялык жарандыгы тууралуу] ырасталса, анда ал мандат албайт», — деди Журабаева.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын басма сөз катчысы Сюита Соурбаева менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Партиянын кеңсесинен да телефон чалуубузга эч ким жооп берген жок.

Хулкарпаша Сабирова «Ак-Жол» партиясынан 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуулардан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы депутаты Алишер Сабировдун жубайы болуп эсептелет.

Сабированын өзү талапкер катары эки жолу парламенттик шайлоого катышууга аракет кылган, бирок алары ийгиликсиз болгон. Буга чейин Ош шаардык кеңешинде депутат болгон.

Соавторлор: Дмитрий Мотинов, Улугбек Акишев.