Тилкелик шайлоо комиссияларынын биринин төрайымы Kloop.kgнин кабарчысына 4-октябрдагы шайлоодо добуш берүүнүн жол-жобосунун кандай болорун көрсөтүп берди.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо кантип туура добуш берүү керектиги тууралуу Kloop.kgге №1328 тилкелик шайлоо комиссиясынын төрайымы Сайран Жакиенова айтып берди.

1-кадам: Идентификация

Шайлоочу тилкеге баргандан кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын операторуна барып, өзүнүн тизмеде бар экендигин ырастоо үчүн идентификация жол-жобосунан өтүшү керек болот.

Эгер жаран шайлоочулардын тизмесинде бар болсо, ал манжа издерин сканерлөө аркылуу идентификацияланат.

Эгер «манжалары боюнча» идентификация беш жолку аракеттен кийин мүмкүн болбосо, Каттоо кызматынын оператору жарандын паспортунда көрсөтүлгөн ИНН жеке номуру аркылуу идентификация өткөрүшү мүмкүн.

Жаран ID-картаны, жалпы жарандык (чет өлкөлөргө барчу) паспортун же ИНН номуру болсо 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун көрсөтүү менен добуш бере алат.

Эгер манжа издери боюнча идентификация ийгиликтүү өтсө шайлоочу эки документ алат: бирөөсү оператордо калат, а экинчисин бюллетенге алмаштырат.

А эгер идентификацияны паспорттогу жеке номуру аркылуу өткөрүүгө туура келсе, анда оператор үч документ берет: эки чек жана шайлоочунун ИНН менен идентификациядан өткөндүгүн ырастаган акт. Чектин бирөөсү оператордо калып, экинчиси бюллетень алуу үчүн шайлоочуга берилет.

2-кадам: Бюллетень алуу

Андан соң шайлоочулардын тизмесине жооптуу болгон шайлоо тилкесинин мүчөсү жаранды тизмеден издеп табат.

Жаран паспорттук маалыматтарынын бардыгы туура экендигине макулдугун билдирип кол коет. Анын жанынан шайлоо комиссиясынын мүчөсү да өз колун коет — ал адамдын тилкеден бюллетень алгандыгын ырасташы керек болот.

Андан кийин шайлоочу чекти бюллетенге алмаштырат.

3-кадам: «Чарчы ичине белги коюу»

Бюллетень алгандан кийин шайлоочу добуш берүү үчүн атайын маркерлер бар кабинага барат.

Шайлоочу партиялардын аталыштары же «Баарына каршы» деп жазылган катарлардын бирине белги коюшу керек.

Эгер белги чарчынын ичине коюлбаса, добуштарды саноодо компьютер андай бюллетенди жараксыз деп эсептеп коет.

Чарчынын ичине каалаган белги коюуга болот.

Эгер эки же андан көп чарчыга белги коюлса андай бюллетень жараксыз деп табылат.

4-кадам: Автоматтык урна

Кийинки баскыч — бюллетенди жазуулары бар тарабын төмөн каратып атайын урнага таштоо.

Бюллетендин бырышып же бузулбоосу маанилүү, анткени автоматтык добуш саноо урнасы андай бюллетендерди жараксыз бюллетендерге кошуп коет.