«Республика — Ата-Журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин шайлоо жарышынан четтетилишине президент менен премьердин кичи мекендеринде кошумча тилкелердин ачылышы жөнүндөгү айткандары да себеп болгон — бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттиги БШКга шилтеме жасап жазды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ташиевдин шайлоо жарышынан четтетилишинин себептеринин бири катары анын Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кошумча шайлоо тилкелеринин ачылышы жөнүндөгү айткандарын атады — бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттиги жазды.

«Шайлоо алдындагы штабга зыян келтирүү, президенттик жана башка партиялардын добуш алышы үчүн Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кошумча шайлоо тилкелери ачылып жаткандыгы боюнча Ташиевдин жалган билдирүүлөрү үчүн чара көрүлдү», — деп жазды «АКИпресс».

Ташиевдин шайлоо алдындагы жарыштан четтетилишинин башкы себеби — анын «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын талапкери менен Жалал-Абад облусунда болгон делген мушташы. Саясатчынын өзү буга байланыштуу митингдерди өткөрүү ниети жоктугун, бирок Боршайком менен соттошорун билдирди.

Сентябрдын башында Ташиев Сокулук жана Аламүдүн райондорунда добуш берүү үчүн БШК кошумча шайлоо тилкелерин ачып жатканын, президент «ошол райондо туулуп-өскөндүктөн» өз кезегинде ал «алдамчылыктарга» себеп болушу мүмкүндүгүн билдирген болчу.

«Мен эмнеге Аламүдүн районунда кошумча тилкелерди ачып жаткандыгын түшүнбөй турам. Аламүдүн — мамлекет башчысынын району. Анда түрдүү алдамчылыктар болушу мүмкүн. Аларды эмнеге Сокулук районунда ачып жатышат? Премьер-министрдин районунда? Ал жакта да түрдүү куулуктар болушу мүмкүн», — деп билдирген анда «Республика — Ата-Журттун» теңтөрагасы.

Президенттин администрациясы аталган райондордо кошумча тилкелерди ачып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, Камчыбек Ташиевдин айткандарын «аймактар аралык мүнөзгө ээ болгон чагымчылдык» деп атаган.

«Ташиевдин провокациялык ой-жоруму коомчулукта кайсы бир «бийликтин партиясынын» электоратын көбөйтүү максатында «Президенттин туулган жери болгон» атайын бир райондордо жаңы шайлоо участоктору түзүлүүдө деген ойду жаратууга багытталгандыгы анык», — деп билдирген администрация.

Президенттин аппаратынын билдирүүсү жалпысынан Ташиевдин өзүнүн дарегине жолдонгон айыптоолордон турат. Администрация оппозиционердин билдирүүсүн «ыплас» деп, а анын жүрүш-турушун — «адекватсыз» деп атаган.

«Республика-Ата-Журт» саясий партиясына жана башка бир катар саясий партияларга саясий күрөштүн ыплас ыкмаларын  пайдаланбоону, курулай каралоо жана популисттик бет тырмалыкка жол бербөөнү, этникалар жана региондор аралык мамилелерде от менен ойнобоону, шайлоо алдындагы үгүт ишин мыйзамга ылайык  таза өткөрүүнү сунуштайбыз», — деп билдирген президенттин администрациясы сентябрдын башында.