Алгач Уильям Шекспирдин труппасы тарабынан негизделген «Глобус» театры англиялык драматургдун «Гамлет» спектаклин коюу үчүн 7-ноябрда Бишкекке келет.

Британ театрынын Бишкекке келе тургандыгы жөнүндө Улуу Британиянын элчилиги «Фэйсбук» түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

«Биз сиздерге 2015-жылдын 7-ноябрында «Глобус» театры (Лондон) дүйнөлүк турнесинин алкагында Бишкекке «Гамлет» спектаклин коюу үчүн келери тууралуу кабарлап жатканыбызга кубанычтабыз! Спектакль Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз драмалык театрында коюлат, билеттер бекер болот!», — деп билдирди элчилик өз баракчасы аркылуу.

Билеттерди кантип алууга болору тууралуу Улуу Британиянын элчилиги кийинчерээк маалымат берээрин убадалады.

«Глобус» театры Лондондо 1599-жылы пайда болгон — ал Уильям Шекспир эмгектенген Lord Chamberlain’s Men актердук труппасынын каражатына курулган. 1613-жылы театрдын имараты өрттөнүп кетип, бир жылдан соң ал кайрадан жаңыча ишин баштаган — бирок белгилүү драматургдун катышышуусуз. Театр ал көрүнүшүн 1642-жылга чейин сактап турган, анда Лондондогу башка театрлар да пуритандар тарабынан жабылган болчу.

Театр кайрадан 1997-жылы калыбына келтирилген — анын жаңы имараты Шекспир маалындагы «Глобус» турган жерден 200 метр алыстыкта жайгашкан.

Театрдын башкы репертуарын бүгүнкү күнгө чейин Шекспирдин пьесалары түзөт. Учурдагы «Глобустун» ички жасалгасы болушунча Шекспирдин убагына жакындаштырылган, бирок коопсуздук талаптары боюнча, бүгүн анын залында 1300дөн ашык эмес гана киши боло алат. А мурдагы театрга 3000ге чейинки сандагы көрүүчү батчу.