Коргоо министрлигинин чиновниги мекеме имаратынан чыгып бара жатканда бутун кокустатып алып, «кызматта алган жарат үчүн» деп медициналык камсыздандыруу жаздырып алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти. Министрдин орун басары кармалып, учурда тергөө абагында камакта.

Атайын кызматтагылар коргоо министринин орун басары, полковник Нуркалый Жумабаевди 12-сентябрда кармашкан. УКМКнын версиясы боюнча, ал Коргоо министрлигинин имаратынан чыгып бара жатып бутун кокустатып алып, аны кызматтык жарат деп мыйзамсыз түрдө камсыздандыруу каражатын алып турган.

Аталган каражаттын төлөнүп берилишине полковниктин бутундагы жаратты «кызматтык милдетин аткаруу маалында алган жарат» деп тапкан мекеме ичиндеги иликтөөнүн жыйынтыгы негиз болгон.

Нуркалый Жумабаев
Нуркалый Жумабаев

«Кызматтык милдеттерин аткаруу маалында алган жарат делинген жараты боюнча полковник «К.Жга» мыйзамсыз камсыздандыруу каражатын төлөп берүүгө негиз болгон жасалма документтер даярдалгандыгы аныкталды», — деп билдиришти УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан.

Жумабаевге жана Коргоо министрлигинин бир нече кызмат адамдарына каршы «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «жасалма документ даярдоо» беренелеринни негизинде 16-сентябрда кылмыш иши козголгон.

УКМКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgге коргоо министринин орун басары тарабынан алынган медициналык камсыздандыруунун суммасы «такталып жаткандыгын» билдиришти.

Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартууда.

Учурда кармалган полковник УКМКнын тергөө абагында камакта.

Нуркалый Жумабаев 1999-жылдан бери он жыл бою Мамлекеттик чек ара кызматында түрдүү кызматтарда иштеген. 2009-жылдан 2014-жылга чейин ал Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы болгон.

Ал коргоо министринин орун басары кызматына 2014-жылдын 7-июлунда Кыргызстандын президентинин буйругу менен дайындалган.

Бул акыркы бир апта ичинде Коргоо министрлигине байланышкан экинчи чиновниктин кармалышы — 16-сентябрда мекеме үчүн аскердик объектилерди куруу менен алектенген келген «Аскер Курулуш» мамлекеттик ишканасынын директорунун кармалдыгы тууралуу белгилүү болгон.

Анда ишкананын директору Кубанычбек Колхожоевди УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү пара берүү аракети маалында кармашкан. Атайын кызматтагылардын версиясы боюнча, ал «аскердик объектилердин курулушундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча текшерүү иштерин токтотуу» үчүн жогорудагы сумманы сунуштаган.

Нуркалый Жумабаевдин сүрөтү CA-News сайтынан алынды