«Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев президент Алмазбек «Атамбаевдин айылында» кошумча шайлоо тилкелеринин ачылышына нааразычылыгын билдирген. Президенттин администрациясы Ташиевдин ал айткандарын четке кагып, анын билдирүүсүн «аймактар аралык кастыкты козутуу» деп атады.

Президент Алмазбек Атамбаевдин администрациясы Ташиевдин Оштогу шайлоочулар менен болгон жолугушуусу маалында айткан билдирүүсүн «чындыкка туура келбеген чагым» деп атады.

«Республика — Ата-Журт» партиясынан талапкер катары парламенттик шайлоого катышып жаткан Ташиев Оштогу шайлоочулары менен болгон жолугушуусунда Боршайком добуш берүү үчүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда кошумча шайлоо тилкелерин ачып жатканын билдирген.

«Бул туура, бирок мен кошумча тилкелерди эмнеге Аламүдүн жана Сокулук райондорунда ачуу керектигин түшүнбөй турам? Президент деген ошол айылда туулуп-өскөн да, анда алдамчылыктар болушу мүмкүн. Эгер бийликтин партиясы ал райондо добуштардын көбүн ала турган болсо, анда ал жакта куулуктар болду деп билгиле», — деп жазган «К-Ньюс» маалымат агенттиги Ташиевдин айткандарын.

Президенттин аппараты аталган райондордо кошумча шайлоо тилкелеринин ачылганын четке кагып, Ташиевдин айткандары «аймактар аралык мүнөзгө ээ» деп эсептей турганын билдирди.

«Ташиевдин провокациялык ой-жоруму коомчулукта кайсы бир «бийликтин партиясынын» электоратын көбөйтүү максатында «Президенттин туулган жери болгон» атайын бир райондордо жаңы шайлоо участоктору түзүлүүдө деген ойду жаратууга багытталгандыгы анык», — деп эсептейт администрация.

Президенттин аппаратынын билдирүүсү жалпысынан Ташиевдин өзүнүн дарегине жолдонгон айыптоолордон турат. Администрация оппозиционердин билдирүүсүн «ыплас» деп, а анын жүрүш-турушун — «адекватсыз» деп атаган.

«Республика-Ата-Журт» саясий партиясына жана башка бир катар саясий партияларга саясий күрөштүн ыплас ыкмаларын  пайдаланбоону, курулай каралоо жана популисттик бет тырмалыкка жол бербөөнү, этникалар жана региондор аралык мамилелерде от менен ойнобоону, шайлоо алдындагы үгүт ишин мыйзамга ылайык  таза өткөрүүнү сунуштайбыз», — деп билдирди президенттин администрациясы.

Азырынча «Республика — Ата-Журттун» штабы президенттин администрациясынын бул айыптоосу боюнча эч кандай түшүндүрмө бере элек.

Президент менен Ташиевдин ортосундагы пикир келишпестиктер

Бул Камчыбек Ташиев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы алгачкы пикир келишпестик учуру эмес — буга чейинкиси 2012-жылы, «Ата-Журттун» лидери митингчилердин тобу менен бирге Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүүгө аракет кылганда болгон.

Анда бийлик аны «күч колдонуп бийликти басып алуу аракетине» айыптаган — соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Ташиевге карата 1,5 жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Ташиев эркиндикке чыккандан болжол менен бир жыл өткөн соң НТС телеканалына курган маегинде кылганын мойнуна аларын, бирок өз аракетин «бейбашчылык» катары эсептей тургандыгын билдирген.

2010-жылы өткөн парламенттик шайлоонун алдындагы өнөктүк маалында дагы бир чатак чыккан — анда белгисиз интернет колдонуучусу Ташиев шайлоодо жеңишке жетсе «Бакиевдерди мекенине алып келери» тууралуу айтып жатканы тартылган видеону жайгаштырган.

Видео бир катар интернет басылмалардын сайттарына чыгып, КТРКнын эфиринен көрсөтүлгөн. Ал 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуу маалында каза болгондордун туугандарынын нааразычылыктарын жараткан.

Жыйынтыгында Ташиев маалымат каражаттарынын чечмелөөсүн четке кагып, «Бакиевдерди алып келүү» тууралуу өлкөдөн качкан президенттин үй-бүлөсүн соттоо үчүн алып келүү контексинде айтканын билдирген.

Сүрөттүн булагы: партиянын «Фэйсбуктагы» баракчасы