Милиция дээрлик үч сааттык текшерүү иштеринен кийин «Детский мир» соода борборунун аймагындагы курчоону толугу менен алды. Ал аймак белгисиз адамдардын соода борборунун имаратында «жарылуучу заттын» бар экендиги тууралуу билдирүүсүнөн кийин курчоого алынган болчу. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, ал билдирүү ырасталган жок.

Кечки саат 21:00дөрдө «Детский мирдин» кире беришинен жарылууга окшогон үн чыгып, ал жактан жогору көздөй түтүн чыкты. ИИМден ал жарылуу эмес экенин, а саперлор «кайсыл бир шектүү нерсени текшерген болушу» мүмкүндүгү экенин билдиришти.

«Кандайдыр бир жарылуучу заттар табылган жок», — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде.

Кинологдор менен атайын кызматтагылар дээрлик үч саат бою «Детский мирдин» имаратын текшерүүгө алып, бирок «жарылуучу зат» табышкан жок.

«Детский мир» соода борборунда «жарылуучу заттын» бар экендиги тууралуу кабар милицияга 4-сентябрь күнү болжол менен саат 18:40та келип түшкөн. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал жерге дароо эле милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү, ошондой эле саперлор  барышып, соода борборунун имартындагы адамдардын бардыгы сыртка чыгарылган.  

Тексттик трансляция жана сүрөт:

21:30 Милиция курчоону толугу менен алды.

21:20 Милиция жакынкы мүнөттөрдө курчоону толугу менен алаарын убадалоодо.

orca_share_media1441379896717

21:08 ИИМдин басма сөз кызматынан «эч кандай жарылуу болбогонун» билдиришти — ал иштеп жаткан саперлордун «кайсыл бир шектүү нерселерди текшерүүсү болгон» болушу мүмкүн.

«Иштер аяктап калды. Кандайдыр бир жарылуучу заттар табылган жок. [Кинологдор менен ал жерде иштеп жаткан ыкчам кызматкерлер] акыркы жолу текшерип чыгат да анан бүтөт», — деди Эрнис Осмонбаев.

orca_share_media1441379831089

orca_share_media1441378878868

orca_share_media1441378955554

21:07 Чүй проспектиси унаалардын өтүшү үчүн толугу менен ачылды. Учурда «Детский мирдин» айланасындагы тротуар жөө адамдар үчүн жабык турат.

21:03 Kloop.kgнин кабарчысы окуя болуп жаткан жерден жарылууга окшогон үн «бомба» эмес, а атайын кызматтагылардын куралы экенин билдирди. Азырынча анын эмне үчүн керек болгондугу белгисиз.

Ошондой эле ал милиция Чүй проспектисин Ибрамов көчөсү тараптан жапкандыгын айтты.

20:58 «Детский мирдин» кире беришиндеги аймакта жарылууга окшогон үн угулду.

Militsiya-otsepila-detskij-mir1

20:35 Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде кинологдор менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери «Детский мирдин» имаратынан болжолдуу «бомбаны» таба электиктерин айтты.

orca_share_media1441377328260

orca_share_media1441376393170

Курчоодо турган милиция кызматкерлери Kloop.kgнин кабарчылары менен болгон маектеринде аймак «бомба» тууралуу билдирүүдөн улам курчоого алынганын айтышты.

ИИМдин өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде «Детский мир» соода борборунун аймагы бомба тууралуу билдирүүдөн улам курчоого алынгандыгын билдирди.

«Саат 18:40та «Детский мир» соода борборунун имаратында жарылуучу заттын бар экендиги тууралуу кабар келип түштү. Ал жакка шашылыш түрдө милиция кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү чыгып кетишти. Азыр имаратта саперлор бар, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Соода борборунун ичиндеги адамдардын бардыгы сыртка чыгарылды», — деди ал.

Анын айтымында, соода борбору «чоң» болгондуктан имаратты «кылдаттык менен текшерип чыгуу» бир топ убакытты талап кылышы мүмкүн.

orca_share_media1441374356666

orca_share_media1441374390575

Бул акыркы бир жарым айдын ичиндеги «бомба» тууралуу үчүнчү жолку билдирүү: биринчи учур июлдун аягында, кимдир бирөө «Бишкек Парк» соода борборунун алдындагы аялдамага «чемодан» калтырып кеткенде болгон; экинчи учур — Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Народный» супермаркетинин жанында шектүү чемодан табылганда болгон.

orca_share_media1441374802980

orca_share_media1441374751684

orca_share_media1441374721111

orca_share_media1441374692292

orca_share_media1441376136237-1024x683

orca_share_media1441376098741-1-1024x683

orca_share_media1441375973981-1024x683

orca_share_media1441375714004-1024x683

orca_share_media1441374780505-1024x683