Ички иштер министрлиги Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна жумуш маалында жеке автоунааларын пайдаланууга уруксат берди. Бирок ал унааларда MVD сериясындагы мамлекеттик номурлар тагылуу болушу керек.

ИИМдин «Кыргыз Республикасынын ИИМинин ЖКК кызматкерлеринин жеке транспорттук каражаттарын кызматтык максатта пайдалануусу тууралуу» буйругу 26-августта чыгарылган, деп билдиришти жол милициясынын басма сөз кызматынан 3-сентябрда.

Уруксат берүү «кызматтык кайгуул транспорт каражаттарынын жетишпегендиги» менен түшүндүрүлүүдө.

Бирок жол инспектору өз бөлүмү менен жеке автоунаасын кызматтык унаа катары пайдалангандыгы тууралуу типтүү келишим түзүшү керек болот.

«[…] ЖКК кызматкерлери атайын жарык бергич жана үн бергич белгилерди орнотуп, атайын графикалык схемаларды түшүрүп, жеке автоунаасын жабдып, аны кызматтык максатта, жумуш маалында гана пайдалана алат», — деп билдиришти ЖККнын басма сөз кызматынан.

«Ар бир транспорт каражатына Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Унаа каражаттарын жана авйдоочулук курамды каттоо бөлүмдөрүндө «MVD» сериясындагы мамлекеттик номурлар белгиленген тартипте тагылат», — деп жазылган билдирүүдө.

Макала жаңыланат.