3-сентябрда вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев журналисттерге 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо пайдаланыла турган жабдуулардын ишин көрсөттү. Анын жүрүшүндө аппарат техникалык себептер менен иштебей калды.

Вице-премьер-министр жаңы жабдуунун жардамы менен алдыдагы парламенттик шайлоодо «карусель» ыкмасын пайдалануу мүмкүн болбостугун көрсөтүүнү пландаган — Сарпашевдин айтымында, бул техника менен бир киши эки жолу добуш бере албайт.

Жабдуунун ишин көрсөтүү маалында ал иштебей калып, вице-премьерге техникалык адистердин жардамы керек болду.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, андан соң окуяга байкоо салган премьер-министр Темир Сариев «аппарат журналисттерден сүрдөп кетти» деп тамашага салган.