Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын депутаттары шайланганга чейин пленардык жыйынга чогулбайт. Парламент экинчи күн катары менен кваорум топтой алган жок.

Кыргызстандын парламентинин пленардык жыйыны 3-сентябрда экинчи жолу кворум топтой алган жок. Бүгүн жыйынга 120 депутаттын 30у гана келген.

Кечээ дагы, 2-сентябрда, кворум топтой алышкан эмес — пленардык жыйын башталганда залда 35 депутат бар болгон.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттардын жаңы чакырылышы шайланганга чейин, 4-октябрга чейин, пленардык жыйындарды өткөрбөө чечимине келген.

Парламентарий Дастан Бекешев «Твиттердеги» баракчасына парламенттик шайлоо күнүнө чейин Жогорку Кеңеште пленардык жыйындардын болбой тургандыгы тууралуу жазды.

parlament

Бул маалыматты Kloop.kgге парламенттин юридикалык бөлүмүнөн да тастыкташты. Бөлүм башчысы Канатбек Садыковдун айтымында, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышынын 92 депутаты 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесинде болгондуктан кворум топтой албай калуу ыктымалдыгы бар болчу.

«Дүйшөмбү күнү парламенттеги төрт фракциянын лидерлери менен комитеттердин төрагаларынын катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүлгөн — анда эгер эки күндүн ичинде кворум топтолбосо депутаттар шайлоочулар менен иштешсин деген чечим кабыл алынган. Жогорку Кеңештин регламентинин 151-беренеси буга уруксат берет», — деп түшүндүрдү Садыков.

Ал пленардык жыйындардын болбой калышы парламенттин иши токтоду дегенди түшүндүрбөстүгүн кошумчалады.

«Жогорку Кеңеш кандай болсо да иштей берет, анын ишмердүүлүгү токтобойт. Парламенттин ишинин түрдүү формалары бар: комитеттерде талкуулоо, шайлоочулар менен иштешүү. Жогорку Кеңеш иштебейт деп айтуу туура эмес болуп калат», — деди Садыков.

2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки экинчи парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага 14 саясий партия катышканы жатат.