Жолдорду оңдоо, компьютердик жабдууларды жеткирүү, китептерди басып чыгаруу — бул эң кирешелүү товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр, алар үчүн мамлекет жыл сайын жергиликтүү компанияларга миллиарддаган сом каражат төлөп келет. Kloop.kg ачык маалыматтардын негизинде 2011-жылдан бери мамлекеттик буйрутмаларды аткарып келген компаниялардын тизмесин жарыялайт.

Бул тизмени түзүүнүн принциби жөнөкөй — биз «Ачык бюджет» порталына кирип, андан президенттин жана өкмөттүн аппараттары менен тыгыз кызматташкан, Бишкек мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгына кызмат көрсөтүп келген бир нече компанияны тандап алдык.

Жалпысынан биз андай компаниялардан 77ни санадык — алар өкмөт менен президенттин аппаратына азембелектерди жеткирип, компьютердик кызматтарды көрсөтүүдөн тарта жолдорду оңдоо жана жол куруу иштери менен алектенишет.

Андан соң Kloop.kgнин редакциясы компаниялардын 2011-жылдан («Ачык бюджет» порталы дал ушул убактан тарта иштеп баштаган) 2015-жылдын 5-сентябрына чейинки кирешелерин эсептеп чыкты.

Президенттин жана өкмөттүн аппараттарына кызматтарды көрсөтүп, даяр товарларды саткан компаниялардын көбү азембелектерди, улуттук символикаларды даярдоо менен алектенишет.

Экинчи орунду концелярдык товарларды, типографиялык продуктуларды жана компьютердик техникаларды жеткирүү менен алектенген компаниялар бөлүшүшкөн.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик компаниялар көпчүлүк учурларда мамлекеттик мекемелердин буйрутмаларын аткарышып, ал үчүн аз эмес суммадагы акча алышат экен.

Алсак, «Учкун» басмаканасы 4 жарым жылдын ичинде китептерди, журналдарды, буклеттерди басып чыгаруу сыяктуу типографиялык кызматтардан 150 млн. сомго жакын каражат иштеп тапкан, а «Аскер Курулуш» компаниясы Коргоо министрлиги үчүн жатаканалар менен аскердик шаарчаларды куруудагы иши үчүн 160 млн. сом алган.

Кыргызстандын армиясы үчүн курал-жарак сатып алуу менен алектенген «Кыргыз курал» ишканасы өзүнүн мамбюджеттеги кирешесин жашыруун сактап, болгону дээрлик 7 млн. сомдук «атайын техникалар менен механизмдерди» жеткиргендигин көрсөткөн.

Ошондой эле тизмеде «Аскер соода башкармалыгы», «Семетей» мейманканасы (Коргоо министрлиги), «Типография», «Асель» ательеси, «Кыргызстройсервис», «Ак-Толкун» (Чолпон-Атадагы мурдагы «Эл-Нуру» пансионаты) жана «Кыял» Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси» сыяктуу мамлекеттик компаниялар бар болуп чыгышты.

Албетте баарынан да жол оңдоо жана куруу менен алектенген компаниялар эң кирешелүү болушкан — жалпысынан Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын буйрутмаларын аткарган алты компания 2,5 млрд. сом иштеп табышкан.

Баарынан да таң калычтуу сезилген бюджеттин беренеси — бул биз үчүн «кош бойлуулук жана төрөттөр үчүн жөлөкпулдар». Булар үчүн Бишкектин түрдүү райондорунун алдындагы социалдык өнүктүрүү башкармалыктары жүз миңдеген каражаттарды коротуп, мейманкана комплекстерине жана курулуш компанияларына буйрутмаларды берип келишкен.
[table id=4 /]