«Кырк чоро» кыймылынын башчысы Боом капчыгайындагы граффитинин өз вариантын жарыялады — анда «Манас» эпосундагы көрүнүштөр көрсөтүлгөн. Буга чейин активисттер «кыргыздардын сезимин кемсинтет» деп граффитинин мурдагы вариантын өчүрүшкөн болчу.

«Кырк чоро деген ат менен белгилүү «Кыргыз чоролору» кыймылынын төрагасы Замирбек Көчөрбаев Боомдогу граффитинин жаңы эскизи менен бөлүштү — жаңы сүрөттө «Манас» эпосундагы көрүнүшөр көрсөтүлгөн.

graf2

«Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмеси жана Ысык-Көл аймактык Кырк чоро кошундары чуугандуу Боом капчыгайындагы тартылган сүрөттүн ордуна башка сүрөт тартыруу демилгесин көтөрүп чыкты. Демилге жакында ишке ашканы турат. Төмөндөгү сүрөт бул долбоор, учурда сүрөтчүлөр тарабынан ылайыктуу сүрөт иштелип жатат», — деп жазган Көчөрбаев.

Балбал таштар менен илбирстин элестеринен турган граффити Боом капчыгайындагы таштардан калкалоочу тосмолордо 26-июнда пайда болгон.

graf01

Андагы сүрөттөр Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбар эсептелген илбирстерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

Кийинчерээк граффити андагы сүрөттөрдү «кемсинтүүчү» деп эсептешкен активисттер тарабынан өчүрүлгөн.

Граффитинин айланасындагы талаш-тартыштар

DOXA art group тарабынан тартылган Боом капчыгайындагы граффити кыргызстандыктардын арасында карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан.

Бир катар активисттер, тарыхчылар жана сүрөтчүлөр Боом капчыгайындагы сүрөттөргө карата нааразычылыктарын билдиришип, бийликти ал иштин авторлоруна карата «чараларды көрүүгө» чакырышкан — алардын пикирлеринде, граффити «кемсинтүүчү» болуп эсептелет жана «кыргыздардын менталитетине туура келбейт».

8-августта граффитинин каршылаштары сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин кээ бир бөлүктөрүн боёп өчүрүшкөн. Алардын арасында активисттер манасчы Саякбай Каралаевге окшош деп эсептеген балбал таштар дагы бар болгон.

Граффитинин каршылаштарынын бири Нурбек Укубаев алар граффитини өчүрүүгө Ысык-Көл облустук администрациясынан, Маданият министрлигинен, Транспорт жана байланыш минисрлигинен уруксат алгандыктарын билдирген. Кийинчерээк Маданият министрлигинин өкүлү Kloop.kgге курган маегинде мекеменин граффитини боеп өчүрүүгө тиешеси бар экенин четке каккан.

Сүрөтчү, граффитинин авторлорунун бири Сергей Келлер Kloop.kgге курган маегинде авторлордун «позитивдүү маанай» жаратуу аракетине карабастан адамдар алардын ишин «бир аз туура эмес» кабыл алгандыктарын айткан.

«Биз граффитини Basicolors фестивалы үчүн тартканбыз. Бул позитивдүү сүрөт. Аны көрүп адамдардын көңүлү көтөрүлсүн деген максатта жасалган. Сүрөттүн негизи катары балбал таштарын алып, аларды жаштар менен туристтерге жакындатуу үчүн заманбап кийимдерди кийгизип, заманга ылайыкташтырганбыз», — деген ал.