Атамбаев көчөлөрдөгү таштандылар үчүн Бишкектин мэрин сынга алды

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин кескин сынга алып, эгер шаар башчысы 2015-жылдын аягына чейин «шаарды ирээтке келтирбесе» ал отставкага кетерин эскертти.

Атамбаев мэр Кулматовдун ишин сынга алган билдирүүсүн Бишкектеги №1 мектеп-интернатындагы иш-чара маалында айтты. Президенттин пикиринде, борбордун мэринин жумушу биринчи кезекте калк менен иштешүүгө байланыштуу жана шаардыктар анын реформаларынын келечегине, мэрдин өзүнө ишенмейинче иштен эч майнап чыкпайт.

«Мен дайыма таза иштеп, ачык айтууга көнгөм: эгерде жылдын акырына чейин Кубан Кенешевич, сиз шаарды тартипке келтирбесеңиз, анда өз алыңызга жараша башка иш издешиңиз керек», — деп жазган өлкө башчысынын басма сөз кызматы анын айткандарын.

vb.kg жаңылыктар сайтынын маалыматы боюнча, президенттин сын сөзү шаардык кызматтар өз учурунда тазалабай жаткан көчөлөрдөгү таштандылар боюнча бишкектиктердин даттанууларына байланыштуу болгон.

«Шаарда таштандынын көп экендигине байланышкан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. [...] Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматында сиз бюджетке кыйла зор салым кошконсуз, бирок мэриядагы ишиңиз таптакыр башкача. Мында сиз коррупциялашкан чиновниктер жана кагаздар менен иштебей элесиз. Мында шаардыктар менен иштөө зарыл», — деп жазды vb.kg Атамбаевдин айткандарын.

«Борбордун макамы жөнүндөгү» мыйзамдын 24-беренесине ылайык, Бишкектин мэрин премьер-министр гана кызматынан бошото алат.

Кулматов 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде жооп катары «багынып берүү ниети жок экенин» билдирип, таштанды тазалоого техниканын жетишсиздигине даттанган.

«Өзгөчө техниканын бардыгы жарактан чыккан Октябрь районунда. А самосвалсыз таштанды жүктөө өтө кыйын. Мен шаардыктардын нааразычылыгын түшүнүп жатам. Азыр маселени чечүүнүн таптакыр башка жолун издеп баштайбыз. Ишкана катары «Тазалыкка» башкача мамиле болот», — деп жазган 24.kg Бишкектин мэринин айткандарын.

Кулматов таштандыларды тазалоо маселесин 2015-жылдын аягына чейин чечүүгө «аракет кыларын» убадалады.

Таштанды үчүн айтылган сын-пикирлер

Атамбаев Кулматовдун дарегине сын-пикирин айткан жогорку кызматтагы алгачкы чиновник эмес — мындан 10 күн мурда премьер-министр Темир Сариев мэрден таштандыларды өз убагында ташып кетүү маселесинин тез арада чечилишин талап кылган.

Анда Кулматов шаарда таштанды тазалоо техникасынын жетишсиздигин билдирип, «Тазалык» ишканасынын Октябрь району боюнча бөлүмү «саботаждык кылып», «бардык самосвалдарды жарактан чыгаргандыгына» даттанган.

Бишкектин жашоочулары менен бир катар саясатчылар борбордук мэриянын таштандыларды тазалоо боюнча ишин 2014-жылдын жайынан тарта сындап башташкан.

Кулматов 2014-жылдын апрелинде мэрия таштанды тазалоо жана аларды ташып кетүү тармагына жеке компанияларды да тартуунун үстүндө иштеп жаткандыктарын билдирген — учурда таштанды тазалоо тармагында «Тазалык» муниципалдык ишканасы монополияга ээ.

Ошол эле жылдын октябрында мэрияны сынга алгандардын катарына шаардык кеңештин мүчөлөрү да кошулушкан — бишкектик депутаттар «Тазалыктын» натыйжасыз ишинен жана Салык кызматынын алдындагы карызынан улам ишкананы кудуретсиз деп таабуу демилгесин сунуштоого чейин барышкан.

2015-жылдын мартында мэрия таштандыларды тазалоо иши менен «Тазалыктан» башка дагы төрт компания — Бишкектин ар бир районунда бирден — алектенерин билдирген.