Куюн 29-август күнү эртең менен пайда болуп, Каракол тарапты көздөй жылып кеткенге чейин 30 мүнөткө жакын убакыт айланып турду, деп жазган жаңылыктын белгисиз автору «Репортер. АКИпресс» сайтына.

Бул тууралуу жаңылык куюн болгондон эки күн өткөндөн кийин — 31-августта пайда болду. Автордун айтымында, ал видеону Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Жети-Өгүз районундагы Тосор айылынын аймагында тарткан.

«Көлдүн ортосунда 30 мүнөттөй айланып турду, андан соң Караколду көздөй жылып кетти», —деп жазган автор.

Куюн — Кыргызстан үчүн сейрек кездешчү жаратылыш кубулушу. «Time.kg» маалыматтык сайтынын билдирүүсү боюнча, Ысык-Көлдө бир жай ичинде бир нече жолу куюн болот, бирок «алардын бардыгы тең жээктен алыс, коопсуз аралыктарда болот».