Чемпионатка үч түрдүү категорияда жарышка түшкөн 30га жакын киши катышты. Башкы категорияда жеңишке вейкбординг боюнча Орусиянын үч жолку чемпиону эсептелген кыргызстандык Алмаз Смайкулов ээ болду.

Уюштуруучулар катышуучуларды үч категорияга бөлүштүрүшкөн: 13 жашка чейинкилер, кыз-келиндер жана эркектер. Ар бир категория боюнча 10дон спортчу катышты.

Вейкбординг — өз ичине суу лыжасы, сноуборд, скейт жана сёрфингдин айкалышын камтыган спорттун экстремалдык түрү.

Мелдештер 28-августта Бишкектин Сүйүү багындагы көлдө өттү — ошол эле жерде On the wake вейкборд-паркы жайгашкан.

Ар бир катышууга үчтөн мүмкүнчүлүк берилди — спортчулар секирүүдө түрдүү ыкмаларды көрсөтүштү, бирок тактадан түшүп калса, кайрадан базага барып, бардыгын башынан баштоого туура келди.