Kloop.kgнин кабарчысы бир күн бою үй-жайсыз адамдар менен бирге болуп, алардын эмнеге көчөдө калгандыгы, кантип жан сактаары жана келечекке кандай пландарды коюп жаткандыктары тууралуу билип келди. Расмий маалыматтар боюнча, Бишкекте 400дөн ашык үй-жайсыз адам бар.

Видеодо орусча субтитрлер бар. Эгер алар көрсөтпөсө Ютуб плеериндеги баскычты басыңыздар.

Аскербек Осмонов мурда Казармандагы алтын комбинатында иштечү. Ал 230 грамм алтын менен кармалып, беш жыл абакта отуруп келген. Кийин чабан болуп, жылкы кайтарган.

«Күндөрдүн биринде мен аттан жыгылып колумду сындырып алгам. Азыр ал иштебейт», — дейт ал.

Колу иштебей калган соң ал көчөдө калган.

Аскербектин шериги Тынарбек Курамоев 2000-жылы жубайы менен ажырашып, үйүнөн кетип калган. Ошондон бери ал көчөдө түнөп келет.

https://soundcloud.com/kloop-1/bvbzbgrgj6jm

Мэриядан кыргыз борборунда 350дөн 450гө чейинки сандагы үй-жайсыз адамдар бар экенин билдиришүүдө.

Шаарда үй-жайсыздар үчүн эки баш калкалаар жай бар — Свердловск жана Биринчи май райондорунда. Кыш мезгилдеринде ал жактарга жашаганы 350дөн ашык иши барат.

Бирок Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жайкы мезгилдеги саны так белгисиз — жылдын жылуу мезгилдеринде алар андай баш калкалаар жайлардан кетип калышат.