2015-ЖЫЛДЫН 29-АВГУСТУНДАГЫ ЖАҢЫЛАНУУ:

«Акнеттин» колдонуучуларынын көбү кайрадан Kloop.kg порталына кирүү мүмкүнчүлүгүн алганын эске алганда сайт тосмолонгондон эки суткадан соң кайра ачылды десек болот. Бирок интернет таркатуучу компания тарабынан буга расмий ырастама болгон жок.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР: Төмөндөгү текст сайт тосмолонуп турган маалда жазылган.

«Акнет» интернет таркатуучу компаниясы «тосмолоо тууралуу жазма буйрукка» шилтеме жасоо менен өз абоненттеринин Kloop.kg сайтына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеди. Мамлекеттик байланыш агенттиги эч кандай жазма буйруктун болбогондугун билдирүүдө.

Порталдын тосмолонгондугунун алгачкы белгилери 26-август күнү эртең менен пайда боло баштаган — «Акнеттин» кызматын пайдаланган окурмандар сайтка кирүү мүмкүн болбой жатканын айтып даттанышкан.

Kloop.kgнин техникалык адисинин текшерүүсү портал «Акнет» таркатуучусунун абоненттери үчүн гана жеткиликсиз болуп жатканын ырастады.

«Акнет» компаниясынын техникалык колдоо кызматынын өкүлү телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан жөнөтүлгөн жазма буйрукка шилтеме жасоо менен веб-сайттын тосмолонгондугу фактысын ырастады.

Өз кезегинде Мамлекеттик байланыш агенттигинин өкүлү учурда веб-сайтты тосмолоо боюнча эч кандай жазма буйруктун же соттун чечиминин жок экенин билдирди.

Мамлекеттик байланыш агенттиги менен «Акнеттин» катын окуу.

Kloop.kgнин жетекчилиги Байланыш агенттигинин жообун негиз кылып, «Акнеттен» веб-сайттын тосмолонушунун себептерин түшүндүрүп берүүсүн талап кылат.

Эгер сайтка кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө негиздер жок болуп чыкса, анда порталдын администрациясы интернет таркатуучуга карата тартипке чакыруу чараларынын көрүлүшүн талап кылат.

Бул Kloop.kg порталын Кыргызстандын аймагында тосмолоо боюнча алгачкы аракет эмес — 2014-жылдын аягында сайтка казакстандык балдарды «Ислам мамлекетинин» согушкерлери өз тараптарына тартып жаткандыктары тууралуу макала жарыялангандан кийин портал тосмолонгон.

Ал макаланын жарыяланышы казак бийлигинин нааразычылыгын жараткан. Алгач алар аны өчүрүүбүздү талап кылышкан, бирок Kloop.kgнин редакциясы баш тарткандан кийин порталды өз өлкөсүнүн аймагында толук тосмолошкон.

Кыргыз бийлиги дагы дал ушундай эле кадамга барып, сайтты Кыргызстандын аймагында тосмолооого аракет кылган — Башкы прокуратура Мамлекеттик байланыш агенттигине веб-сайтты өлкө аймагында тосмолоо боюнча жазма буйрук жөнөткөн.

Бийликтин бул аракетинин жыйынтыгында портал 2014-жылдын декабрында кыргызстандык колдонуучулар үчүн дээрлик бир апта жеткиликсиз болгон.

Бирок Kloop.kgнин редакциясы тарабынан порталды тосмолоо тууралуу соттун чечими жоктугу боюнча даттануулардан кийин чектөө алынган, Байланыш агенттиги интернет таркатуучу компанияларга жөнөткөн жазма буйругун чакырып алып, алардын соттун чечими жок мыйзамсыз экенин мойнуна алган.