Жогорку сот Омар деген ат менен белгилүү ырчы Өмүрбек Жанышевдин баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгарды — анын өлкө аймагында эркин жүрүүсүнө уруксат берилди. Буга чейин Талас облустук соту ырчыны августтун аягына чейин үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган болчу.

Ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева Kloop.kgге 26-августта Жогорку сот «алдамчылык» тууралуу иште айыпталуучу катары өтүп жаткан Омарга карата тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагында эркин жүрүүсүнө уруксат бергендигин айтты.

«Жогорку сот Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечим чыгарып, анын республика аймагында эркин жүрүүсүнө уруксат берди», — деди Эсеналиева.

Буга чейин Талас облустук соту Омарга баш коргоо чарасы катары үй камагына алуу чечимин чыгарып, анын облус аймагынан чыгуусуна тыюу салган болчу. Бирок ден соолугунун абалынан улам ырчынын ишин тергеп жаткан тергөөчү анын Бишкекте дарыланышына уруксат берген.

«Талас облустук ооруканасынан [Омарга] ал каттоодо турган Бишкектеги ооруканага багыттама берген. 6-августта ал тергөөчүгө жолугуп, дарыгерлердин кагаздарын көрсөтүп, телефону менен дарегин калтырып кеткен экен», — деп билдирген анда Kloop.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Жүрөгүндөгү көйгөйлөр

Жанышевдин жүрөгүндө көйгөйлөрү бар экендиги тууралуу 28-июлда, Талас райондук соту аны августтун аягына чейин камакка алуу чечимин чыгарары менен белгилүү болгон — ырчыны «туруксуз стенакардия» диагнозу менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен.

Талас облустук ооруканачынын директору Шаршенбек Жумашалиев Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон андагы маегинде Омар аталган оорукананын реанимация бөлүмүнө «туруксуз стенокардиянын» натыйжасындагы «жүрөк оорусу» менен жаткырылганын айткан.

Оорукананын директору ырчынын «мурдагы оорулары жазылган баракчасын көрбөгөндүктөн» буга чейин анда стенокардиянын болгон-болбогону тууралуу билбестигин белгилеген.

Ырчынын кесиптеши Арсен дагы Омар жүрөгүн колдоо боюнча аппарат алып жүргөндүгүн ырастаган.

Тема боюнча: Ырчы Омардын кармалышы: соцтармактардын реакциясы

Төө буурчакка байланышкан «алдамчылык»

Омар Талас милициясы тарабынан 27-июлда кармалган — ал төө буурчак сатуудагы «алдамчылыктарга» айыпталууда.

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде кылмыш иши аларга Талас облусунун жашоочусу кайрылгандан кийин козголгондугун билдирген.

«[Ал] өткөн жылы Омар менен таанышы андан бир нече ондогон тонна төө буурчак алышканын билдирди. Акчасын дагы деле берише элек экен, фермер ушуга чейин күтүп, чыдамы кеткен соң аталган адамдарга карата чара көрүү арызы менен бизге кайрылган», — деген Осмонбаев.

Тема боюнча: Ырчы Омар төө буурчак сатуудагы «алдамчылык» үчүн камакка алынды

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтары боюнча, Омар менен экинчи айыпталуучу ири көлөмдөгү төө буурчак сатуу менен алектенишкен.

Анда ырчынын менеджери Миргүл Эсеналиева аткаруучунун «күнөөсү жок экенин» айтып, Омарды айыпоо үчүн бул ишти «атайын уюштургандыктарын билдирген.

ЭсеналиеваYouTube видеохостингине Омардын болжолдуу түрдө экинчи айыпталуучу — Нуржан Токтогулов менен сүйлөшүп, аны «жаманатты кылбоосун» өтүнүп жаткандыгы тартылган видеотасма жарыялаган.

Анда аткаруучу иштин экинчи фигурантын «сотко келип», өз күнөөсүн мойнуна алдыртууга аракет кылган.

«Братан, сени мени жаманатты кылганы жатасың. Качан сен келгенде мен жаман оюм жок «ооба, берет» деп айттым го. Анан да ага чейин сен менин атымды айтып, ооба, Омар берет деп айтканга акың жок болчу да. Бул көйгөйдү өзүң чечиң керек байке» — деген аткаруучу Токтогуловго.

Тема боюнча: Видео: Омар «алдамчылык» иши боюнча экинчи айыпталуучудан аны «жаманатты кылбоосун» өтүнүүдө