Кыргызстанда бирдиктүү мектеп формасы киргизилди беле? Эгер киргизилсе, кандай? Эмнеге окуу жылынын башында ата-энелер балдарына кочкул кызыл түстөгү форманы сатып берип жатышат? Kloop.kgнин редакциясы жагдайды түшүндүрүү үчүн бул суроолордун бардыгына жооп берет.

Милдеттүү мектеп формасы киргизилди беле?

Ооба. Бирок форманын стандарттарынын чеги кыйла кеңири — ар бир мектеп ата-энелер менен биргеликте окуучуларынын кандай форма кийиши керектигин өздөрү чечишет.

Билим берүү министрлиги быйыл окуучулар менен мугалимдер үчүн милдеттүү түрдө бирдиктүү мектеп формасын кийүү эрежесин киргизүүгө аракет кылган, бирок сын-пикирлерден жана коомдук талкуулардан кийин бул идея четке кагылды.

Анда эмнеге ата-энелер балдарына кызыл кочкул түстөгү форманы сатып берип жатышат?

Бул бирдиктүү мектеп формасын киргизүү процессинин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу Билим берүү министрлиги тарабынан жетиштүү түшүндүрмөнүн жоктугунан улам болуп жатышы мүмкүн.

Кочкул кызыл түстөгү форма милдеттүү түрдө кийилиши керек болгон бирдиктүү мектеп формасы катары СМС-добуш берүү аркылуу Канат Садыков министр болуп турганда тандалып алынган. Бирок мекеме башчылыгына Эльвира Сариева келгенден кийин мектептерге бирдиктүү форма киргизүүдөн баш тартышкан.

25-августта Билим берүү министрлиги бул маселе боюнча түшүндүрмө берди — мектептер окуучулары үчүн форманы министрлик тарабынан иштелип чыккан стандарттардын алкагында өз алдынча тандап алышат.

Ал стандарттар кандай?

Быйыл мектеп формасынын бирдиктүү стандарттарын кабыл алуу тууралуу өкмөттүн токтому кабыл алынган. Ага ылайык, форма «классика стилине туура келип, жыйнак көрүнүшкө ээ болушу керек» жана техникалык регламентте бекитилген талаптар менен нормаларга жооп бериши керек.

Эркек балдар үчүн мектеп формасында экиден төрткө чейинки предмет каралган: көйнөк, жилет, шым жана костюм.

Костюм, жилет жана шым — бир түстөгү (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде.

Костюм — бир жагына же эки жагына кымтылама, кыналган же түс түшкөн.

Жилет — шымдын же костюмдун түсүндө же чакмакталган материалда классикалык жол менен бычылган.

Костюм менен жилеттин топчулары — костюмдун же жилеттин түсүндөй болуп, «жөнөкөйлүгү менен айырмаланып турушу» керек.

Шымдар — түз бычылган, төмөн жагы бир аз ичке болсо уруксат берилет.

Көйнөк — пахтадан жасалган материалдан жеңи кыска же узун. Уруксат берилген түстөр: ак, ачык боз, ачык көк, ачык саргылтым.

Форманын комплекти менен бирге классикалык галстукту да пайдаланса болот — анын формадагы түстөрдүн бирине дал келиши же алардын карама-каршы түсүндө болушу шарт.

Кыздардын формасы өз ичине экиден алтыга чейинки предметти камтышы мүмкүн: көкүрөк көйнөк, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, костюм. Булар дагы классикалык стилде болуп, бирдиктүү түстөрдүн ырааттуулугунда болушу керек: үчтөн ашык эмес түстүн аралашуусуна уруксат берилет.

Ошондой эле формада мектептин жана класстын башкалардан айырмалап турган белгилери болуп, аба ырайына жана класстардагы температурага туура келиши керек.

Жаңы окуу жылында форманын түрүн ким жана кантип аныктайт?

Стандарттарды киргизүү жөнүндөгү буйрукта мектептер менен алардын көзөмөлдөө кеңештери 10-сентябрга чейин мектеп формасын тандашы керек, а 30-сентябрдан тарта окуучулар сабакка ошол форма менен барып башташы керектиги жазылган.

Мектеп жетекчилиги ата-энелерден акча чогултуу укугуна ээ эмес — форманы ата-энелер өздөрү алышат.

Эки-үч айдын ичинде Билим берүү министрлиги мектеп формасы боюнча мониторинг жүргүзөт — анын жыйынтыктары боюнча, стандартка өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн