КСДП фракциясынан парламент депутаты Акылбек Султанов Өзгөн шаарынын Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун адепсиз сөздөр менен сөккөн. Парламентарий менен милиционердин ортосундагы ал сүйлөшүү видеого тартылып алынган.

Көңүл буруңуздар! Материалда адепсиз сөздөр колдонулган. Эгер алар сиздерге зыянын тийгизет десеңиздер, анда видеону көрүүдөн жана тексти окуудан карманууңуздарды сунуштайбыз.

Депутат Акылбек Султанов менен ЖКК кызматкерлеринин ортосундагы сүйлөшүү тартылган видео «Репортёр» агенттигинин сайтына 26-августта жайгаштырылды.  Анда парламентарий болжолдуу түрдө Султановго айып жазууну каалаган милиционерлерди сөгүп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

«Сен нормалдуу сүйлөгөн  жоксуң. Жагдаңдап келип алып «деловой» болуп атасың», — деген парламентарий видеодо.

ЖКК кызматкеринин сөгүнбөө өтүнүчүнө депутат адепсиз сөздөрдү айтып, ага карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтөрүн билдирип коркуткан — «Көтүңө итерип коём, уктуңбу?»

Султанов милиционерлерди сөгүүдөн мурда алардын кызмат абалдарын билүүгө аракет кылган. Бирок алардын кимисинин ЖКК начальнигинин орун басары экенин биле албастан адепсиз сөздөрдү айтып, алар менен жаакташууга барган.

Бул боюнча түшүндүрмө алууга Султановдун өзү жеткиликсиз болууда.

Анын кеңешчиси Нурдана Максатбек кызы Kloop.kgге депутат учурда Ошто иш сапары менен жүргөнүн айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан азырынча ал окуянын чоо-жайы белгисиз экенин айтышты. Бирок басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул видео «ЖКК кызматкерлери гана уят сөздөр менен сөгүнбөстүгүн» көрсөткөнүн кошумчалады.

«ЖКК кызматкерлери гана эмес депутаттардын дагы адепсиз сөздөрдү айтарын билип алышсын. Видеону тараткан адам анын качан тартылгандыгын көрсөткөн эмес, азырынча эч нерсе белгисиз», — деди Осмонбаев

Султанов президенттик социал-демократтар партиясынан парламентте мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү болуп эсептелет.