Жалал-Абад облусундагы Ооган-Талаа айылынын дарыгерлери авариялуу деп табылган оорукананын имаратында иштөөгө аргасыз, анткени аларда медициналык кызматтарды көрсөтүүгө башка имарат жок.

2015-жылдын майында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ооган-Талаа айылынын ооруканасынын имаратын авариялык абалда деп таап, анда иштөө кооптуу деген жыйынтык чыгарган. Бирок айылдык дарыгерлердин башка тандоосу жок, ошондуктан алар ал имаратта ишин уланта берүүгө аргасыз.

unnamed-11

Оорукананын имаратында 20 бөлмө бар, учурда алардын беши пайдаланууда: экөөсү улук медайымдарга бөлүнгөн, калган үчөөндө лаборатория, эмдөө пункту жана дарылама бөлүмү жайгашкан.

unnamed-6

unnamed-7

Бул медицина жайы күн сайын 10-15 айылдашын кабыл алат.

Имарат 1985-жылы курулган. Акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2005-жылы өткөрүлгөн, андан бери имараттын пайдубалынын начардыгынан улам оорукананын абалы күн өткөн сайын начарлап барат.

https://soundcloud.com/kloop-1/x091ss52kotd

«Биздин айылда сел көп болот. Кээ бирде жертөлөлөргө толуп калат, анын айынан полдор бузулуп баштаган. Андан сырткары чатыры да эски, жамгыр жааганда жаракаларынан тамчы тамат», — деди оорукананын кызматкери Бактыкан Абдирешова.

unnamed-33

unnamed-4

Оорукананын улук медайымы Кадича Жумабаеванын айтымында, ӨКМ оорукананын кызматкерлерине имараттын авариялык абалынан улам анда иштөөгө болбостугун эскертишкенин айтты.

«ӨКМден бизге бул жакта иштебегиле деп айтышкан. Бирок бизде башка имарат жок болгондуктан ушул имаратта иштөөгө аргасызбыз», — деди Жумабаева.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов айыл жардам сурап Саламаттыкты сактоо жана Каржы министрликтерине кайрылганын билдирди.

«Бизге [оорукананы оңдоо] 2016-жылдын бюджетине киргизилерин айтышты. Бизге 500 миң сом керек. Эгер акча бөлүнсө оорукананы оңдоп, 2016-жылдын май-июнь айларына карата ишке бере алабыз», — деди Турдукулов.

unnamed-9

Зарина Абдукаримова бир жылдан бери медайым болуп иштейт. Ал зарыл болгон дары-дармектердин бардыгы бар экенин, бирок бейтаптарды кабыл алуу бөлмөлөрү начар абалда экенин айтты.

«А кышында суук. Бөлмөлөрдү жылытуу үчүн бардык электр жылыткычтарды иштетүүгө туура келет», — деди медайым.

Сүрөттөр жергиликтүү тургундар тарабынан жөнөтүлдү.