Фотосүрөтчү Павел Большаков кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан, XV кылымда курулган байыркы Таш-Рабат кербен сарайында болуп, анын асман алдындагы укмуштуудай көрүнүштөрүн сүрөткө түшүрүп келген.

Павел Большаков фотосүрөт менен 13 жылдан бери алектенип келет — ал колуна фотоаппаратты алгач кесиптик окуу жайда автослесарь кесибин окуп жүргөн кезде алган. Ал курулушчудан баштап англис тилинин мугалими, дизайнер кесиптерин аркалап, акыры фрилансер фотосүрөтчү болуп калган. Аны менен катар ал айдоочу-гид болуп да иштейт.

«Мен үчүн сүрөткө тартуу жөн гана кызыгуу эмес, ал мага айланадагы нерселерди жакшылап көрүүмө, мени курчап турган нерселердин бардыгын сүйүүмө жардам берип турат», — дейт Большаков.

Баяндоо фотосүрөтчүнүн атынан жүрөт

Эски урандылар менен мурдагы цивилизациялардын калдыктарынын мени эмнеси менен тартып тураарын так айта албайм. Бир четинен архитектурасы, ал курулуштардын качан жана ким тарабынан курулгандыгы тууралуу окуялар болсо керек. Балким анын байыркы убактарда болгондугудур. А мүмкүн жүздөгөн же миңдеген жылдар мурун анда түнөп алуу үчүн токтогон адамдын ордунда болуп кайтуу каалоомдур.

map

Мен Таш-Рабатка көптөн бери баргым келип жүргөн, бирок дайыма кийинкиге калтырып келгем. Кантсе да алыста жайгашкан, анан да ал жерге барчу жол дагы жакшы эмес: чаңдуу, чоң жүк ташуу унаалары тарабынан талкаланган. Эми Бишкек-Торугарт унаа жолу оңдолгондон кийин Таш-Рабатка барчу жол кыйла жакшырып калды.

02

Мына, эми мен күн сайын прогрессти эске салып турган жерден алыстамын. Тагыраагы, мында аны эске салган жалгыз нерсе — боз үйдөгүлөрдүн керектөөлөрү үчүн электр энергиясын өндүргөн генератор.

03

003

Мен бул жердин жылдын түрдүү мезгилдеринде тартылган көптөгөн сүрөттөрүн көргөм. Таш-Рабат тууралуу уламыштар менен тарых жазмаларын окугам: мунун бардыгы тең ал жерди өз көзүм менен көрүү каалоолорумду андан да күчөттү.

Күн тез эле тоолордун чокусуна кирип жашырынып калды. Аба ырайынын бүркөк экендигине карабастан ал капчыгайдын батыш бооруна тийип, бир аз жылуулук берип турган. Мен болсо бардыгы башкача көрүнчү түнкү убакта айлананын кандай көрүнүшкө ээ болорун элестеттүүгө аракет кылдым.

04

004

Чечилди: Жылдыздар алдындагы Таш-Рабатты тартканы барам. Бирок караңгы кирээри менен асманды булут каптап, менин пландарымдын бардыгын чаташтырып салды. Көзгө сайса көрүңгүс караңгылыкты күтүп, жергиликтүүлөр менен боз үйлөрдү тарткан соң Таш-Рабаттын өзүн көздөй жөнөдүм.

05

Түнкүсүн Таш-Рабатты кол чырактын жардамы менен көргөндө жүздөгөн жылдар мурун бул жакка токтогондор кандай сезимде болгондуктарын элететип баштайсың. Булуттар жылдыздуу асманды толугу менен «жутуп алышты». Сүрөткө тартуу үчүн мен колумдагы кол чырак менен жарыктандырайын дедим. Албетте очоктогу оттун жарыгында курулуш таптакыр башкача болуп көрүнмөк. Түндө жаан жаап, менин Таш-Рабаттын үстүндөгү жылдыздуу асманды көрүүгө болгон үмүтүм биротоло өчтү.

06

Эртеси эртең менен көпкө ойлонуп отуруп анда дагы бир түнгө калууну чечтим. Күндүз тоо аралап сейилдедим, бирок бир күн бою күүгүм киргенде күн ачык болор бекен деп ойлонуп жүрдүм. Мындагы аба ырайы өзгөчө, анда бир сутканын ичинде эле жылдын бардык мезгилинде болуп кайткандай болосуң — ал күнү мен аба ырайындагы андай өзгөрүүлөрдү үч жолу көрдүм.

07

08

09

Кечинде жамгыр жаап, андан соң асманда бир дагы булут калбай акыры күн чайыттай ачылды.

10

Күн баткан соң түнкү сапарга камына баштадым. Мен токтогон боз үй Таш-Рабаттын өзүнөн бир чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

11

Жолдо бара жатып мен улам-улам асманды карай бердим: анда жылдыздар биринин артынан бири пайда болуп, көбөйүп жатты. Мен көз ирмемге өзүмдү эңсеген жерине жакындап калган жолоочулардын бири катары элестетип кеттим. Мына, кербен сарайга жеттим. Анын артында тоонун карааны көрүнүп турат, анын бардыгына кайсыл бир кездерде бул жакта болуп кайткандардын бардыгын көргөн миллиарддаган жылдыздар жарык берип турушту…

12