Казак теңгеси эркин коё берилгенден кийин анын куну кескин төмөндөп кетти. Бул коңшу Кыргызстандын валюта базарында ажиотаж жаратты. Kloop.kgнин редакциясы анын кандай болгондугу жана сомго кандай таасир эткени тууралуу макала даярдады.

20-августта Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов теңгенин курсу эркин коё берилгендигин билдиргенден кийин казак валютасы кескин арзандап кетти. Бул эми теңгенин курсу ал өлкөнүн бийлиги тарабынан көзөмөлдөнбөйт дегенди билдирет.

Казак валютасынын курсунун эркин коё берилиши анын дээрлик 28 пайызга арзандашына алып келди — эки күндүн ичинде бир доллар үчүн мурдагыдай 188 эмес, а 257 теңге бере башташты.

Теңгенин түшүшү Бишкектеги жеке акча алмаштыруу жайларында ажиотаж жаратты — Кыргызстандын борборундагы жергиликтүүлөр менен казакстандыктар кийин кыйла кымбатыраак сатууга үмүттөнүшүп, долларларды төмөнкү баага сатып алып башташты.

Өз кезегинде акча алмаштыруу жайлары мындай суроо талаптан улам доллардын курсун 61 сомдон 65 сомго чейин жогорулатышты. Жеке акча алмаштыруу жайларынын мындай аракеттери кыргыз бийлигинин терс реакциясын жаратты.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын улуттук банкына акча алмаштыруу жайларын көзөмөдөөнү күчөтүп, коммерциялык банктар менен тыгыз иштешүүсүн сунуштады. Өкмөт башчысынын айтымында, «дүрбөлөңдү болтурбоо» зарыл.

«Каржы рыногу баарынан да дүрбөлөңдөн коркууда. Эгер бардыгы тең бир күндө сомдорду долларга алмаштыруу үчүн чуркаса, анчалык доллар жок болуп чыгат. Мында өтө этият болуу керек», — деп билдирди ал.

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов Казакстан жаңы гана өткөн улуттук валютанын курсунун эркин коё берилишин Кыргызстан 1991-жылдан берип пайдаланып келерин белгиледи.  

«Бизде доллардын курсунун өсүшү биздин калктын теңгенин курсу долларга карата абдан төмөн түшүп кетти деген чайкоочулук тилектерине байланыштуу», — деди ал.

Абдыгулов учурда Улуттук банктын резерви эки миллиард АКШ долларына жакын экенин, эгер зарылдык болсо анын бир бөлүгү валюталык интервенция үчүн пайдаланылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Атаандаштыктын өсүшү

Макроэкономика боюнча эксперт, экономика илимдеринин кандидаты Болотбек Орузбаев Kloop.kgге курган маегинде теңгенин арзандашынан улам Казакстандан экспорттолуп жаткан товарлар атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү болуп калышарын билдирди.

«Мисалы, силер казак экспорттоочусусуз жана өз товарыңызды Орусияга 200 теңгеден сатчусуз дейли, а валютанын курсу төмөндөгөндөн кийин силердин товар Орусияда арзаныраак болуп калат. Ал эми сапатынын сакталышы менен товардын төмөнкү баасы анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат», — деп эсептейт эксперт.

Бирок казак товарларынын жогорку атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү Кыргызстандан товарлардын эспорттолушуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Теңгенин курсунун түшүүсүнөн улам Кыргызстандын экономикасынын төмөндөп кетүү-кетпөөсүн товар алмашуу чечет. Биздин экспорттолуп жаткан товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Алсак, эгер бир товар 30 теңге болуп келген болсо, эми — 50 теңге болот. А Казакстанда өндүрүлгөн товардын бардыгы тең биздин өлкөдө арзан болот. Казакстан үчүн бул кыйла пайдалуураак», — деди Орузбаев.

Экономисттин айтымында, доллар Казакстанда да, ошондой эле Кыргызстанда да кымбаттайт. Эксперт акча каражаттарын жоготуу тобокелдигинин минималдуу болушу үчүн чогултуп жаткан акчаларды түрдүү валюталарда сактоо кеңешин берди.

«Валюталар боюнча божомолдорду айтуу — өтө оор иш. Ага караганда аба ырайын божомолдоо жеңилирээк. Бирок азырынча экономикалык көрсөткүчтөр көбөйүп жатат, ички жана сырткы факторлор доллардын бекемделээрин айтууда», — деди ал.

Орузбаев теңгенин арзандашы экспорттоодогу атаандаштык үчүн Казакстандын экономикасына пайдалуу экенин, бирок жарандары үчүн пайдалуу эмес экенин айтты.

«Жасалма жол менен кармап туруп, алтын-резервдерин коротпоо үчүн казак бийлиги теңгени девальвация кылды. Бул Казакстандын экономикасы үчүн жакшы, албетте экспорттоочулар үчүн дагы. Бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жакшы, мамлекет үчүн жакшы, а жарандар үчүн — жаман», — деди ал.

Теңгенин курсу эркин коё берилди

Теңгенин курсун эркин коё берүү чечими 20-августта кабыл алынды. Буга чейин Казакстандын бийлиги теңгенин долларга болгон расмий курсун жеке эсептөөлөрүнүн негизинде аныктап келген.

А курсту сактап туруу үчүн казак Улуттук банкы валюталык интервенцияларды жасап турган — тагыраагы, өлкөнүн алтын-валюта резервдериндеги каражат менен доллар сатып алып же сатып келген.

Мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөшүнүн фонунда (Казакстандын экономикасынын көпчүлүк бөлүгү ушул сырьену экспорттоо менен кармалып турат) казак бийлиги валюталык интервенциядан баш тартты, тактап айтканда, эми алар теңгенин курсун ички рынокто жасалма түрдө кармап турушпайт.

Бул казак валютасынын курсунун төмөндөшүнө алып келип, бир доллар үчүн буга чейинкидей 188 эмес, а 257 теңге берип калышты — бул валютанын курсунун дээрлик 28 пайызга төмөндөгөндүгүн түшүндүрөт.

«Бул девальвация эмес, а теңге эркиндикке коё берилди, анда анын бүгүнкү баасы базарда аныкталат», — деди Казакстандын Улуттук банкынын башчысы Кайрат Келимбетов.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мындай чечим өкмөт тарабынан бизнес менен экспорттоочулардын өтүнүчтөрү менен кабыл алынгандыгын билдирди.

«Бизде үч жол болгон. Ойлонуп, бардык мүмкүн болгон нерселерди эсептеп чыгуу менен теңгени курсун эркин коё берүү чечими кыйла турараак болот деген чечимге келдик», — деди Назарбаев.

Ал ошондой эле мунайдын баррелинин 30-40 долларга чейин төмөндөөсүнө даярданууга чакырды. Азыр мунайдын Brent маркасынын баррели 46 доллар турат — баалардын түшүүсү июндун аягында башталган, анда анын бир баррели 63 долларды түзгөн.

Бир катар казак эксперттери 2015-жылдын кышында эле бийликтин теңгеге карата жаңы саясатын божомолдошкон — анда ал Назарбаев утуп чыккан мөөнөтсүз президенттик шайлоонун жарыяланышына байланыштуу болгон.

Экономисттер Казакстандын президенти калктын колдоосун алуу менен өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын экспортун жогорулатуу үчүн улуттук валютаны девальвация кылышы мүмкүндүгүн айтышкан.

Соавтор: Алтынай Джалмамбетова.