Видео: Чычкандагы өрттүн масштабы 160 футбол талаасынын аянтынан ашты

Жалал-Абад облусунун Чычкан капчыгайындагы өрт 13-август күнү башталып, азыркыга чейин өчүрүлө элек. Өрт жалпысынан 120 гектар аянтты кучагына алган, ал болжол менен 160 футбол талаасынын аянтына барабар.

Чычкандагы өрт жети күндөн бери уланууда. Анын тутанышынын себептери белгисиз бойдон калууда. Жергиликтүү жашоочулардын айтымдарында, өрт койчулардын же эс алуучулардын этиятсыздыгынан улам тутанган болушу мүмкүн.

«Өрттүн чыгуусуна койчулар же эс алуучулардын этиятсыз аракеттери себеп болгон болушу мүмкүн. Токойдо негизинен арча жана башка бадалдар күйөт. Алардын көбү картаң, кургак», — деди жергиликтүү тургун Сардарбек Момуналиев Kloop.kgге курган маегинде.

ӨКМдин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдиргендей, өрттү өчүрүү үчүн эки тик учак пайдаланылууда.

Chychkan1-1024x683

«Өрттү өчүрүүгө Казакстандан 1 даана МИ-26Т үлгүсүндөгү тик учак саат 09:00до учуп, саат 10:00до Манас аэропортуна конуп, андан ары Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайына өрт катталган жерине учуп баруусу мерчемделүүдө. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнөн 1 даана тик учак да учууга даярдалууда», — деп билдирди Бекилов Facebook соцталдык түйүндөгү өздүк баракчасы аркылуу.

Анын айтымында, Чычкандагы өрттү өчүрүүдөгү башкы кыйынчылык түнкү катуу шамал.

Өрт өчүрүүгө ӨКМдин кызматкерлеринен сырткары жергиликтүү жашоочулар менен Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери да катышып жатышат. ӨКМдин маалыматы боюнча, анда жалпысынан 800дөн ашык киши иштеп жатат.

Skrinshot-20.08.2015-121936

Учурда өрт үч тилкеде өчүрүлүүдө.

  1. Арым тилкеси (Бишкек-Ош унаа жолунун 261-чакырымы);
  2. Канышай тилкеси (Бишкек-Ош унаа жолунун 262-чакырымы);
  3. Өрүктү тилкеси (Бишкек-Ош унаа жолунун 265-чакырымы);

19-августта ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов Чычкан капчыгайындагы өрттүн эң башкы кооптуу жери күйүп жаткан кургак чөптүү чымдар экенин жана алар узак убакыт бою күйүп турарын билдирген.