Чычкан капчыгайы, Сары-Челек коругу жана Талас шаары Kloop.kgнин фотосүрөтчүсүнүн объективинде. Материал TRIP-2015 деп аталган Кыргызстанды кыдырууга арналган 10 күндүк джип-жүрүш маалында даярдалган.

unnamed (3)

TRIP-2015тин башкы максаттарынын бири болуп Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатуу үчүн документалдык тасма менен промо-рлликтерди тартуу эсептелинет.

Мындан сырткары жүрүштүн катышуучулары жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстандын аймактарындагы балдар үйлөрүнө барышууда.

TRIP-2015 — кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү Kyrgyz Union уюму тарабынан уюштурулган жүрүш. Анын жүрүшүнө уюмдун «Инстаграм» менен «Фэйсбуктагы» расмий баракчасынан да көз салууга болот.

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Темир Акимтегиндин атынан жүрөт.

Биринчи күн

Жүрүштүн алгачкы күнү Бишкектеги Эски аянтта башталды — жүрүштүн катышуучулары өз буюмдарын автоунааларга жүктөшүп, жолго түшүштү.

IMG_1303

IMG_1367

IMG_1370

Биринчи багыт алган жерибиз Төө-Ашуу болду — Чүй облусунун көптөгөн айылдары аркылуу өтүп, жолдун 126-чакырымында тыныгууну чечтик. Анда суктанарлык тоолорду сүрөткө тартып, дарбыз жедик.

IMG_1375

Мында аба ырайы өзгөчө таза. Австралия жана Улуу Британиядан келген туристтер менен таанышып, бирге сүрөткө түшкөндөн кийин биз жолубузду андан ары уладык.

Төө-Ашуудагы туннелден өткөн соң көз алдыбызга Суусамыр өрөөнү ачылды, биз аны бийиктиктен карап турдук. Жол кыйла узак болгондуктан жүрүштүн катышуучулары ортодо бир нече жолу токтошту.

IMG_1457

IMG_1506

Тоолуу кыштактарда аттарды мыкты башкара билген кичинекей балдарды көрүү таң калычтуу деле эмес. Ал тоодо жылып жүрүүнүн эң жакшы жана үнөмдүү жолу болсо керек.

IMG_1625

Көп өтпөй биз Суусамыр өрөөнүн артка калтырып, Талас облусун көздөй жөнөдүк — аймактын борбордук бөлүгүнө барбай эле коюу чечимине келип, түз эле «Манас» этно-комплексин көздөй багыт алдык.

IMG_1553

IMG_1540

IMG_1563

IMG_1661

IMG_1832

IMG_1847

Ал жерди бир нече саат сүрөткө жана видеого тартып, Жалал-Абад облусуна чейинки алды кетирген оор жолдон кийин биз сапарыбыздын алгачкы күнүнүн акыркы чекитине — өлкөдөгү эң кооз жерлердин бир эсептелген жана анын бардык жеринде белгилүү болгон Чычкан капчыгайына жеттик.

Экинчи күн

Биз Чычкан капчыгайынан кооз пейзажын көрүү үчүн таң атпай турдук. Жайкы ысыкка карабастан мында дайыма жеңил шамал согуп турат.

IMG_1881

IMG_1891

IMG_1896

Бирок айланадагы көрүнүшкө көп суктанган жокпуз, анткени жүрүштүн графиги ар бир мүнөтүнө чейин жазылган. Ошондуктан биз көп өтпөй Токтогул суу сактагычынын көгүлтүр суусун көздөй бара жаттык. Бирок биз жүздөгөн сүрөттөрдү тартуу үчүн токтобой кое алган жокпуз (фотоаппараттар жана видеокамералар менен куралданган блоггерлер менен журналисттердин тобун элестетсеңиздер).

IMG_2147

IMG_2238

IMG_2553

Суу сактагычтын жээгине барып, бир аз эс алып, дагы бир нече жүздөгөн сүрөттөрдү тарткан соң биз кайрадан жолдо бара жаттык.

Бишкек-Ош унаа жолу аба ырайынын кандай экендигине карабастан өзүнүн көптөгөн серпантиндери жана күтүүсүз кезиккен бурулуштарынан улам эң кооптуу жолдордун бири болуп эсептелет — андай кайрылыштардын биринде биз чоң жүк унаасынын оодарылып жатканын көрдүк.

IMG_2433

IMG_2344

Жол жээгиндеги бетон тосмолор жок болсо бул жүк унаасы жардан төмөн кулап кетмек деген ой келгенде коркунучтуу боло түштү. Бирок бактыга жараша бардыгы жакшы аяктаптыр.

Сары-Челек коругуна чейинки жол көп убакытты алып, TRIP-2015тин катышуучуларынын бардыгын алсыратты, ишенсеңер бирок бул ага татыктуу болду —бул жер мен качандыр бир кездерде көргөн жерлердин эң суктандырганы болуп чыкты.

IMG_2592

Биринчи караганда көл анчалык деле чоң көрүнгөн эмес. Бирок биз качан катерге отурганда мен көлдүн чоң экенин түшүндүм.

IMG_2846

Катердин айдоочусу туристтер көлдөн суу ичип жаткан тоо текелерди көргөн сейрек учуроочу учурлар тууралуу айтып берди. Тилекке каршы, бизде андай мүмкүнчүлүк болгон жок.

IMG_2795

Бул сыйкырдуу жерден такыр кетким келген жок, бирок бизди алдыда укмуштуудай сезимдер күтүп турган, андыктан биз кайрадан унааларга отуруп, түрдүү жоруктарды көздөй жөнөдүк.

Автор:  Темирлан Акимтеги

Уландысы бар