Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга айыпталып жаткан депутат Акматбек Келдибековду үй камагында калтырып, мүлкүн башкарууга салынган тыюуну күчүндө калтырды. Күн мурун коррупция боюнча ага каршы козголгон кылмыш иштеринин бири токтотулган болчу.

18-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Келдибековду белгиленген аймактан чыкпоо шарты менен бошотуудан баш тартып, саясатчыны үй камагында калтырды.

Депутаттын жактоочусу Татьяна Черникина судьядан Келдибеков «бир жылдан бери чектелген шарттарда болуп келгендиктен» андан үй камагын алуусун өтүнгөн. «Ал эмес ал өз жакындарын жерге берүү зыйнатына бара албайт», — деди ал.

Келдибековдун өзү соттон «анын казынадан акча уурдагандыгын далилдеген кагаздарды көрсөтүүсүн» талап кылды. Ал Салык кызматын башкарып турганда коррупциялык иштерге барган жана парламент төрагасы кызматында турганда кызмат абалын кыянат пайдаланган деп айыпталууда.

Келдибеков сотто сүйлөп жаткан учур
Келдибеков сотто сүйлөп жаткан учур

«[Аида] Салянова башкы прокурор болуп турганда анда менин күнөөлөрүмдү далилдеген кагаздардын бар экенин айткан. Бирок ал кагаздар дагы деле көрсөтүлө элек. Эмнеге органдардын бардыгы тең менин канча акча уурдаганым жазылган ал кагаздарды мага көрсөтпөй жатышат?», — деди ал.

Ошондой эле депутаттын жактоочусу саясатчынын мүлктөрүн камактан чыгарууну жана Келдибековдун ишин тергеген мурдагы тергөөчүнү суракка алууну өтүнгөн. Бирок сот бул өтүнүчтөрдү канааттандырган жок.

Буга чейин Соцфонддогу коррупция боюнча Келдибековго каршы козголгон кылмыш иши мөөнөтү аяктагандыктан улам токтотулган.

Келдибековдун иши боюнча соттун кийинки отуруму 25-августка белгиленди.

Келдибековго каршы айыптоолор

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго каршы Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарып турганда «кызмат абалын кыянат пайдаланган» деген айыптар тагылган.

Саясатчы салык чогултуу кызматын «Бизнес өнөктөш» деген аталыштагы жеке компанияга берген жана «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү чыгарууга» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелген.

Ошондой эле Акматбек Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деп айыпталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган уюмду кармап турууга 10 миллион сом жумшалган.

Оппозициялык саясатчы өзүнүн кармала тургандыгын билген жана алдын ала күнөөсү жоктугу жөнүндө видео кайрылуу жаздырууга үлгүргөн —ал өзүн саясий мотивдер менен камакка алынды деп эсептейт.

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова эгер Келдибеков күнөөлүү деп табыла турган болсо10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген.

Экс-парламентарийдин иши боюнча сот Келдибековдун «саламаттыгынын начарлашынан» улам жылдырылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2014-жылдын августунда анын Германияга чыгып дарыланып келүүсүнө уруксат берген. Жарым жылдан кийин, 2015-жылдын февралында ал кайра Кыргызстанга кайтып келген.

Башкы прокуратура айыпталуучунун ет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча даттанып, «сотко берилген медициналык документтердин биринде да сот жообуна тартылып жаткан адамдын республиканын аймагындагы медициналык жайларда дарылануусуна болбой тургандыгы жөнүндөгү корутунду берилген эместигин» билдирген.