Рэпперлер Эрмек Мырзабеков менен Медербек Ырсалиев кезектеги жаңы ырын чыгарышты. Ал өткөн аптада Ысык-Көл облусундагы Өрүктүү айылдагы болгон окуяларга арналган. 13-августта анда жергиликтүү тургундар менен «Керемет-Суу» эс алуу жайынын күзөт кызматкерлеринин ортосунда мушташ болгон. Анын жүрүшүндө жакын жайгашкан айылдын бир жашоочусу каза болгон. Андан соң жергиликтүү тургундар «Керемет-Суунун» айланасында башаламандыктарды уюштурушуп, андагы үй жана үч автоунаа өрттөлгөн.

Долбоор RAP View деген аталышта чыгат жана Kloop.kgнин техникалык колдоосу менен даярдалат. Тексттин мазмуну Kloop.kgнин редакциясынын позициясы менен дал келбеши мүмкүн.

Видеодо turmush.kg жана bulbul.kg сайттарынын материалдары пайдаланылды.