Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чуулуу видеодогу «штаттан сырткаркы кызматкердин» бирин — интернет-колдонуучулар «Дрыщ» деп атап жүрүшкөн Адилет Жунусовду кайрадан бир айга тергөө абагына камады.  

УКМКнын басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына баш коргоо чарасы катары Жунусовду 2015-жылдын сентябрынын башына чейин камакка алуу чечими чыгарылганын билдиришти. Учурда ал мекеменин тергөө абагында — атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, ал 30-июлда кармалган.

«Аны [Жунусовду] Бишкек шаардык сотунун чечими менен бир айлык мөөнөткө тергөө абагына камадык. Анда ал тергөө маалында болот», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Жунусов бир айдын ичинде атайын кызматтын тергөө абагына эки жолу камалды — биринчи жолу аны 14-июлда кармап, камакка алышкан.

Интернет-колдонуучулар «Дрыщ» деп атап жүрүшкөн айыпталуучу активист Болот Ибраимовдун видеосу жарыялангандан кийин белгилүү болуп калган — анда Жол кайгуул кызматынын эки кызматкери Ибраимов бара жаткан унаанын айдоочусунан пара талап кылышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, «штаттан сырткаркы кызматкерлер» болсо активисттерди «көкүтүшкөн».

14-июлда Жунусов менен бирге «пара талап кылууга» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталган ЖККнын эки кызматкери да кармалышкан. Азырынча «Дрыщтын» эмнеге айыпталып жаткандыгы белгисиз.

«ЖКК кызматкерлерине көмөктөшүп, жарандык активистти жаңжал чыгарууга активдүү көкүткөн «А.Ш.» деген жаран УКМКнын тергөө абагындагы убактылуу кармоочу жайга камалды», ― деп билдиришкен анда УКМКдан.

Бирок бир нече күндөн кийин Жунусовду белгиленген аймактан чыкпоо баш коргоо чарасы менен бошотушкан.

Куугун жана пара талап кылуу

28-июнга караган түнү активист Болот Ибрагимов менен достору бара жаткан автоунааны Ахунбаев-Матросов көчөлөрүнүн кесилишинен ЖКК инспекторлору токтотушкан. Кызматкердин документтерин көрсөтүү талабына айдоочу аларды унутуп калгандыгын айткан.

Документтеринин жоктугунан улам инспектор алгач унааны айып төлөөчү унааларды коё турган жайга алып барууну сунуштаган, андан кийин «абалдын чыгуунун башка жолун» сунуштап, 5 миң сом өлчөмүндө пара талап кылып баштаган. Инспектордун пара талап кылуу аракетинен кийин роликтин каарманы документтерин издеп таап, аны кайгуу кызматкерине көрсөткөн.

Ибрагимовдун айтымында, андан кийин «жарандык кийимчен белгисиз адамдар» «чыр чыгарууга чагым кылышкан».

«Андан соң биз кеттик, артыбызга болсо ак түстөгү Мерседес, В7007Х түштү. Анын айнектери толугу менен караңгылатылган экен. Анда айдоочусу менен жүргүнчүсү жана инспектор болгон. Алар бизди кубалап жетип, алдыбызды тосуп токтотуп, арткы жана алдынкы номурларыбызды алып кетишти», — деп билдирген анда ал.

Ал окуя менен Ибраимовдун жарыялаган видеосу кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жараткан.

Алгач Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кайгуул кызматынын жетекчилиги кызматкерлерине сөгүш жарыялаган, бирок коомдук сын-пикирлерден кийин мекеме аларды кызматтан кетирген.