Активисттер Боом капчыгайындагы талаш жараткан граффитини боеп өчүрүү идеясын шылдыңга алган рэп-трек жаздырышты — алар граффитинин каршылаштарын «маймылдар» жана «улутту маскара кылгандар» деп аташкан.

Видео 2-август күнү кечинде жарыяланган. Ал Боом капчыгайындагы дубалдарда пайда болгон граффитинин сынга алынышына жооп катары чыгарылган.

Тректин авторлору активисттер Эрмек Мырзабеков менен Медербек Ырсалиев.

«Тандоого карабастан маймылдар бизге бул жашоодо жакшы жашоону үйрөтүшөт. Кичинекей маймылдардын планы жандуу нерсенин баарын кыйратуу, анткени алардын өзүлөрү — нөл, нөл, нөл», — деп айтылат ырда.

Ырда граффитинин автору болгон DOXA Art тобунун мүчөлөрүнүн эмгектери мактоого алынган — алар Бишкекте дагы бир нече социалдык стрит-арттарды жаратышкан.

Бирок Боомдогу граффити Кыргызстандын бир катар жарандарынын сын-пикирин жана нааразычылыктарын жаратты. Алар ал сүрөттөрдү «улутту кемсинтүү» деп аташкан.

«Бирок улуттун ар-намысын кемсинтүү — бул сенин акылың», — деп кайрылышкан Мырзабеков менен Ырсалиев активисттерге.

Ырдын сөздөрү белгилүү америкалык рэппер Эминемдин Ass Like That ырынын минусуна түшүрүлгөн.

Медербек Ырсалиев бул ыры менен алар адамдарды өз нааразычылыктарын аракеттери менен билдирүүгө көндүргүлөрү келгендигин айтты.

«Бизде «уяткаруу инстинкти» жок. Биз туура эмес бир нерсени көрсөк, ал тууралуу айтпайбыз. Болгону жаман кылгандыктары тууралуу тар чөйрөдө айтышыбыз мүмкүн. Бирок бизде адамдарды мына минтип коомчулукта кысымга алып, «балдар, силер туура эмес кылып жатасыңар» деп айтуу жок», — деп эсептейт ал.

Медербеков алар аптанын «эң башкы» жаңылыктарына кыскача өз пикирлерин билдирген рэп стилиндеги кыска сереп салууларды чыгарууну пландап жаткандыктарын айтты.

«Биз эгер туура эмес бир нерсе болуп жатса ал тууралуу айтып, адамдарды да ал жөнүндө айтууга көндүрөлү деп пландап жатабыз», — деди ал.

Боомдогу граффити

DOXA тобу тарабынан тартылган Боом капчыгайындагы граффити кыргызстандык интернет колдонуучулардын арасында көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Сүрөттөр белгилүү бир стилге келтирилген балбал таштардын жана илбирстин элестеринен турат. Граффити Кыргызстандын аймагында сейрек кездешүүчү жаныбар эсептелген илбирстерди коргоо чакырыктары менен коштолгон.

Граффитинин каршылаштары Нурбек Укубаев менен Мирбек Асаналиев Kloop.kgнин эфиринде граффити «кемсинтүүчү» болуп эсептелерин айтышып, аны боеп өчүрүү ниеттерин билдиришкен.

Жергиликтүү сүрөтчүлөрдөн турган башка активисттер граффити сүрөттөр «кыргыздын менталитетине туура келбестигин» билдиришкен.

Сүрөтчү Талант Огобаев көркөмдүк жагынан алганда граффитини «орто» тартылган, а ал сүрөттөрдү боеп өчүрүү боюнча коомдук талкуу жүргүзүү керек, деп эсептейт.

«Мында граффитинин көрсөтүлгөндүгү бул жаштар искусствосундагы бүтүндөй бир багыт. Бул багытта өздөрүнүн жылдыздары бар. Бизде да мындай менен алектенген балдардын топтору бар. Анын кайсыл бир партиянын буйругу экени анык. Сүрөтчү катары менин көз карашымда ал орточо аткарылган», — деп билдирген ал.

2-августа Маданият министрлиги граффитини капчыгайда калтыруу же аны өчүрүү чечимин кабыл алышы керек болгон жумушчу топ түзгөн.