Кыргызстандык Каныбек Мусаевди Якутиядагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекеменин кызматкерлери «сабашкан», деп билдирди кыргыз маалымат агенттиктеринин бири. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлдөрү бул фактыны четке кагып жатышат.

Көңүл буруңуздар! Материалда үрөй учурчу иллюстрация бар. Эгер бул макаланы окуу сиздерге зыянын тийгизет деп эсептесеңиздер, анда окубай эле коюуну сунуштайбыз.

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын башчысы Данияр Байгуттуев «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигине кыргызстандык Канатбек Мусаевди Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери «сабагандыктарын» билдирген.

«Мусаевдин айткандары боюнча, аны мекеменин жетекчиси Виталий Браиловскийдин көзүнчө ур-токмокко алышкан», — деп жазган «Спутник»  Байгуттуевдин айткандарын.

Ал Мусаевдин ден соолук абалы начар экенине карабастан, ага туугандарын да, тез жардам кызматкерлерин да киргизбей жатышкандыктарын жана анын себептерин да түшүндүрбөгөндүктөрүн кошумчалаган.

«Мен Каныбекке жолугуп чыктым. Көздөрү кара көк болуп кетиптир. Бирок Федералдык миграция кызматынын башкармалыгынан Мусаев аларга ушундай абалда түшкөн деп айтып жатышат», — деп билдирген диаспора башчысы.

Фото из социальной сети "Вконтакте"
Сүрөт «Вконтакте» социалдык түйүнүнөн алынды

Федералдык миграция кызматынан Мусаевдин «сабалгандыгы» тууралуу маалыматты четке кагып, ал  маалымат «жалаа жапкан мүнөзгө ээ» экендигин билдирип жатышат.

«Мусаев К.М. биз тараптан сабалган эмес. […] Жумушчу жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлү Сайдыкулов Э.К. Sputnik.kg интернет-сайтына жарыяланган маалыматтар фактылар менен ырасталбагандыгын жана жалаа жабуу мүнөзүнө ээ экенин белгиледи», — деп билдиришкен мекемеден.

Федералдык миграция кызматынын маалыматы боюнча, Мусаев 23-июлдан бери көздөрүнөн кан агып жаткандыктан Республикалык офтальмология ооруканасында.

Федералдык миграция кызматынын Якутия боюнча башкармалыгынан Мусаев 11-июлда Өзбекстандын жараны менен бирге чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемеден качып кеткенин, а 17-июлда ал кармалып, инфекциялык изоляторго жөнөткөндүктөрүн билдиришкен.

Миграциялык кызмат Мусаев кармалгандан бери кызматкерлердин эскертүүлөрүнө эч реакция жасабай, «өз өмүрүнө кол салуу ниетин» билдирип, атайын мекеменин кызматкерлеринин дарегине «опузалоо» сөздөрүн айтып келгендигин билдирди.

«21-июль […] Мусаев инфекциялык изолятордун эшигин тепкилеп баштаган. […] Өзүн устара менен кесип жарадар кылам деп коркуткан», — деп жазылган Федералдык миграция кызматынын билдирүүсүндө.