ӨКМдин кызматкерлери 1-август күнү Буденный көчөсүндөгү көпүрөдөн Чоң Чүй каналына кулап кеткен жүк унаасын алып чыгышты.

ӨКМдин кызматкерлери суучулдар менен бирге экинчи аракетинен кийин 1-августта каналга түшүп кеткен жүк унаасын алып чыгышты. Алардын биринчи аракетинде зым арканы үзүлүп кеткен.

Шагыл жүктөлгөн КамАЗ Чоң Чүй каналына 1-августта кулап кеткен. Кечээ ӨКМ аны крандын жардамы менен алып чыгууга аракет кылган, бирок эч майнап чыккан эмес.

«Биз ал жакка барсак ал [жүк унаасы] жүктөлгөн экен. Анда 15 тонна шагыл бар экен, а унаанын өзү дагы 15 тонна. Ал жакка 50 тонналык кран керек. А бизде эки «ГАЗель» гана бар — болгон күчүбүз менен каражатыбыз ушул. Эми аны ким алып чыгат билбейм», — деп түшүндүрдү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын тынымсыз байланыш кызматынын өкүлү.

Жүк унаасы каналга кулап түшкөн соң анын айдоочусу суудан сүзүп чыккан да ал жакка чакырылган тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Kloop.kgге №1 шаардык клиникалык ооруканасынан билдиришкендей, 2-август күнү эртең менен айдоочу ооруканадан чыккан.

Тема боюнча: Видео: Шагыл жүктөлгөн жүк унаасы Чоң Чүй каналына кулап кеткен