Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-августта 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катышууга арыздарды кабыл алууну аяктады. Жалпысынан шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирген.

Боршайкомдун мүчөсү Канатбек Азиз Kloop.kgге берген маегинде шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялар 25-августка чейин депутаттыкка өз талапкерлеринин тизмесин берип, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керектигин билдирди.

Анын айтымында, БШК 25-августтан 4-сентябрга чейин тизмелердин жана билдирмелердин тууралыгын текшерет.

БШКдан билдиришкендей, 34 партиядан сырткары «Асаба» партиясы да шайлоого катышууга арыз берген, бирок кийинчерээк арызын кайра алган.

Партиялардын толук тизмеси:

  • «Республика — Ата-Журт»;
  • КСДП;
  • «Мекен Ынтымагы»;
  • «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек»;
  • «Ар-Намыс»;
  • «Бир-Бол»;
  • «Онүгүү-Прогресс»;
  • «Ата Мекен»;
  • «Азаттык» демократиялык партиясы;
  • «Ыйман нуру» акыйкаттык жана өнүгүү партиясы;
  • «Ак-Калпак»;
  • «Тартип – Порядок»;
  • «Кут»;
  • «Билим Илим Ордосу»;
  • «Кыргызстандын жумушчу партиясы»;
  • «Глас народа — Эл добушу»;
  • Өнөр жай, айыл чарба жумушуларынын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо партиясы;
  • «Улут Ордо» элдик саясий партиясы;
  • «Жаны мезгил» мигранттардын, куруучулардын жана агрардык реформалардын борборунун партиясы;
  • «Кыргыз-Ата» элдик саясий партиясы;
  • «Чындык»;
  • «Бирге-Вместе»;
  • «Кайран Эл»;
  • «Кыргызстан»;
  • «Кыргызстан улуттар конгресси»;
  • «Жашылдап партиясы»;
  • «Эгемен Кыргызстан»;
  • «Союз»;
  • «Улуу Кыргызстан»;
  • «Аруу Эл»;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Замандаш»;
  • «Эркиндик жана демократия»;
  • «Аалам».

Парламенттик шайлоо

Жогорку Кеңешке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт — бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоонун датасын дайындоо боюнча жарлыкка 7 айлык талаш-тартыштардын кийин кол койгон.

Парламенттик шайлоону өткөрүү датасы Жогорку Кеңештин депутаттары менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда талаш-тартыш жараткан. Ага «парламент депутаттарынын ыйгарым укуктарынын конституциялык мөөнөтүнүн» так аныкталбагандыгы себеп болгон.

Шайлоолор тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышы үчүн жалпы элдик добуш берүү парламенттин учурдагы депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган айдын алгачкы жекшембисине белгиленет.

Боршайкомдун билдирүүсү боюнча, «депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү» мурунку парламенттин шайлоонун датасы, 2010-жылдын 10-октябрынан тарта башталат, ошондуктан шайлоо октябрда өтүшү керек.

Депутаттардын арасында айтылып жүргөн пикирге ылайык, мөөнөт депутаттардын ант берген күнүнөн, 2010-жылдын ноябрына карап аныкталышы керек, ошондуктан шайлоо ноябрда өтүшү керек.