Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын көчөлөрүндөгү угүт маалыматтары менен жарнак такталарын албаган партияларды «тартипке келтирет». БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун буйругуна ылайык, алар жарнактарын 1-августка чейин алуулары керек болчу.

Kloop.kgнин кабарчылары кээ бир партиялар Бишкекте, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын бир нече райондорунда үгүт маалыматтары менен жарнак такталарын албагандыктарын билдиришти.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, учурда партиялар үгүт иштерин жүргүзбөшү керек — ал иштер 4-сентябрдан гана, тагыраагы шайлоого бир ай калганда башталышы керек.

Алар ошондой эле Боом капчыгайындагы дөңсөлөрдө дагы деле «Өнүгүү-Прогресс», «Бутүн Кыргызстан — Эмгек» жана «Республика — Ата-Журт» партияларынын белгилери тартылып, аталыштары жазылып тургандыктарын билдиришти.

Боршайкомдун мүчөсү Нурмамат Ашимов Kloop.kgге курган маегинде БШКнын буйругун аткарбаган партиялар «тартипке келтирилерин» билдирди. Бирок ал «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын бузулушу үчүн кандай жаза колдонуларын тактап айткан жок.

Ал тоолордо жана дөңсөлөрдө тартылган партиялардын белгилери дагы шайлоо алдындагы үгүттөнүн бир бөлүгү болуп эсептелерин кошумчалады.

Боом капыгайындагы дөңсөдө жазылган «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын аталышы
Боом капыгайындагы дөңсөдө жазылган «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынын аталышы

Буга чейин Ашимов БШК шайлоо алдындагы өнөктүк расмий башталганга чейин үгүт иштерин жүргүзүп жаткан партияларды парламенттик шайлоого катышууга каттоодон баш тартышы мүмкүндүгүн айткан.

28-июлда БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов партиялар үгүт маалыматтары менен жарнак такталарын 1-августка чейин алуулары керектигин буйурган.

«Эгер партиялар бул талаптарга баш ийбесе, анда биз чараларды көрөбүз, тактап айтканда, биз тез аранын ичинде аларды [үгүт такталарын] алуу боюнча эскертүү беребиз. Эгер алар биздин берген эскертүүлөрүбүздү бир нече жолу кулак сыртынан кетирише турган болсо, анда биз партияларга саясий партиянын атынан талапкерлерди каттоодон баш тартууга укуктуубуз», — деп билдирген анда Ашимов.

Анын айтымында, Боршайком партияларга шайлоо алдындагы штабдары жайгашкан имараттарга гана аталышы жана белгиси түшүрүлгөн такталарды илүүгө уруксат берген.

КСДП менен «Ата Мекендин» өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде БШКнын талаптарына баш ийе тургандыктарын айтышкан, а «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» партиясынан аларга бул боюнча билдирүү келбегенин айтышкан. Калган партиялардан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон эмес.

Парламенттик шайлоо

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт — бул 2010-жылдын апрелиндеги бийлик алмашуудан кийинки өлкөдөгү экинчи парламенттик шайлоо болот.

БШК 2-августта партиялардын парламенттик шайлоого катышууга арыздарын кабыл алууну аяктаган. Анын жыйынтыгы менен шайлоого катышуу ниетин 34 партия билдирген.

Алар 25-августка чейин БШКга депутаттыкка өз талапкерлеринин тизмесин берип, 5 млн. сомдук шайлоо күрөөсүн төлөөлөрү керек болот.

Сүрөт: Эльдияр Арыкбаев