Кыргызстан АКШ менен кызматташуу боюнча базалык келишимди денонсациялаган. Жеке чалгындоо-аналитикалык «Стратфор» компаниясы кыргыз өкмөтүнүн аракети жана анын себептерине сереп салган.

Түп нускасы «Stratfor» сайтына жарыяланган.

Кыскача сереп

Кыргызстан менен Америка Кошмо штаттарынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер кайрадан чыңалууда. Бул жолкусунда АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары тармагындагы сыйлыгынын Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровго ыйгарылышы нааразычылыктарды жаратты.

29-июлда кыргызстандык жана америкалык дипломаттар Бишкекте жолугушту, бирок кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы кызматташуу тууралуу келишимди буга чейин эле денонсациялаган.

Москва менен Батыштын ортосундагы каршылашуу контекстинде кыргыз өкмөтү өлкөнүн Орусия менен болгон тыгыз байланышынан улам Кыргызстан АКШнын жазасынын тобокелдиги астында калышы мүмкүн деп тынчсызданууда. Андан сыркары Бишкек өлкөдө тарыхый жактан калыптанып калган саясий туруксуздук менен бирге экономикалык көйгөйлөр жана октябрда өтчү маанилүү шайлоо бийликтин позициясын коркунуч алдында калтырышы мүмкүн деп коркууда.

Анализ

Дипломатиялык чатак АКШ 14-июлда Мамлекеттик департамент тарабынан дүйнөдөгү укук коргоочуларга жыл сайын ыйгарылчу «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгы менен Азимжан Аскаровду жана венесуэлалык «Форо Пенал» бейөкмөт уюмун сыйлагандыгы тууралуу билдиргенден кийин башталган.

Мамдепартамент расмий пресс-релизинде Аскаровдун «милиция тараптан жасалган ырайымсыздыктарды мониторинг кылуу» жана 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуу маалында «милициянын кызмат абалын ашыкча пайдалангандыгын» ачыкка чыгаруусу боюнча ишмердүүлүктөрүн мактаган.

Кыргыз өкмөтү бул чечимге карата дароо реакциясын көрсөттү. Ал Аскаровду «улуттар аралык кастыкты козуткан» кылмышкер деп атап, ал «массалык башаламандыктарды уюштуруу» жана «укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү» айыптары менен сот тарабынан адилеттүү соттолгонун белгилеген.

Кыргыз бийлиги АКШ менен кызматташуу тууралуу келишимди 22-июлда денонсация кылган. 1993-жылы кол коюлган келишим Кыргызстанда иштеген бир катар америкалык уюмдарга (алсак, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги) салык жана бажы төлөмдөрүн жеңилдетүү сыяктуу жеңилдиктерди жана бир катар жардам берүү программаларынын кызматкерлерине дипломатиялык макам берип келген.

Вашингтон Бишкекке келишимди денонсациялоо чечими колдоолорду каржылоонун азайышына алып келиши мүмкүндүгүн эскертүү менен АКШнын бийлиги кандайдыр бир чукул чараларды көрбөстүгүн белгилеген.

Анткен менен Кыргызстандын бийлиги эки өлкө ортосундагы келишим 20-августтан тарта күчүн жоготорун билдирди. 27-июлда өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев АКШны Кыргызстанда «көзөмөлдөнүүчү башаламандыкты» жана туруксуз абалды түзүү аракетине айыптаган.

Бул Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы алгачкы дипломатиялык чатак эмес. Эки өлкө ортосундагы чыңалуу мезгил-мезгили менен «Манас» аба майданындагы америкалык авиабазанын айланасында пайда болуп келген.

Кыргыз өкмөтү буга чейинки президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин мезгилдеринде бир нече жолу базаны жаба тургандыктарын билдирген, бирок Кошмо штаттар базанын ижара акысы үчүн көбүрөөк акча төлөөгө макул болору менен ал акция токтоп келген.

Бирок дипломатиялык чыңалуунун бийик чегине качан президент Атамбаев объектини өлкөдө сактап калуу боюнча АКШнын өтүнүчүнө карабастан 2014-жылдын июнунда америкалык базанын жайгашып туруу мөөнөтүн узартуудан баш тарткандан кийин жетишилген.

Чоң каршылашуулар

Мындай акцияларды АКШ менен Орусиянын постсоветтик өлкөлөр, анын ичинде Борбордук Азия үчүн болгон атаандашуусунун контекстинде кароого болот. Кыргызстан узак убакыттар бою державалар өз таасири үчүн күрөшүп келген аймак болуп турду — бул бир эле маалда Орусиянын дагы, ошондой эле АКШнын дагы аскердик базалары жайгашкан дүйнөдөгү жалгыз өлкө.

Кыргызстан ошондой эле Батыштын колдоосу менен постсоветтик өлкөлөрдө болгон «түстүү революциялардын» бири орун алган өлкө — мында 2005-жылы «жоогазын революциясы» болуп, анын жыйынтыгында өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаев бийликтен кеткен.

Өз кезегинде Орусия Акаевден кийин бийликке келген Курманбек Бакиевге каршы революцияны колдоого алган. Бул окуялар Кыргызстанды мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичиндеги эң саясий туруксуз өлкө кылып, геосаясий оюндардын аймагына айланткан.

Бирок 2010-жылдагы апрель революциясынан жана эки айдан кийин өлкөнүн түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуулардан кийин Москва Кыргызстандагы аскердик катышуусун күчөткөн, өз кезегинде ал кыргыз бийлигин «орус лагерине» бекемдеген.

Украинадагы Евромайдандан бир нече айдан кийин «Манас» аба майданындагы америкалык базанын жабылышы бул мамилелерди андан да бекемдетти. Ошондой эле Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында Орусия менен экономикалык жана коопсуздук тармактарында интеграцияланды.

Кыргыз бийлиги мындай аракеттери менен өзүнө саясий жана каржы колдоосун камсыз кылуу менен ал убакыт ичинде Бишкек менен Вашингтондун ортосунда талаш-тартыштардын пайда болушуна көбүрөөк себептерди жаратып алды.

Кыргызстандын укук коргоочу Аскаровдун сыйланышына карата реакциясы — бул өлкөлөр ортосундагы чоң чыңалуунун өнүгүүсүндөгү акыркы окуя. Америка бийлигинин кыргыз өкмөтүнүн позицияларын начарлатуу ниети жоктугуна карабастан Атамбаев жана башка бир катар чиновниктер АКШнын аракеттерин дал ошондой багытта кабыл алып жаткандыктарын ачык көрсөтүшүүдө.

Эл аралык авторлор тарабынан уюштурулуп келген саясий туруксуздуктардын жана Орусия менен тыгыз байланыштын түзүлүшүнөн улам Бишкек америкалыктардын ал аракеттеринин өлкөдө туруксуз абал жаратууга багытталбагынына жүз пайыз ишене албайт.

Атамбаев ага чейинки президенттерге караганда Кыргызстандын ичиндеги кландардын жана өз ара атаандашып жаткан саясий топтордун ортосунда тартип орнотуунун үстүнөн кыйла натыйжалуу иштеп жатат. Ошентсе да экономиканын начарлашы жана октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жакындашы ансыз деле туруксуз болгон абалда бир катар тынчсызданууларды жаратууда.

Кыргызстан Орусия сыяктуу эле АКШнын демократиялык күчтөрдү жана укук коргоо уюмдарын колдоо аракеттерин өкмөттүн позициясын начарлатууга багытталган аракеттер катары кабыл алууда, өзгөчө Бишкек Москвага жакындап жаткан шартта.

Бишкек АКШнын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга татаал учурду тандап алды, анткени Кыргызстан үчүн ички туруксуздук менен геосаясий талаш-тартыштар мүнөздүү.

Stratfor — америкалык саясат таануучу Джордж Фридман тарабынан 1996-жылы негизделген жеке чалгындоо-аналитикалык компания. Ал эл аралык процесстер тууралуу маалыматтарды топтоо жана аларды анализдөө менен алектенет. Топтолгон маалыматтардын негизинде компаниянын аналитиктери тарабынан экономикалык жана гелсаясий божомолдор жасалат.

Которгон: Улугбек Акишев.