Казакстандын Бажы кызматы чек арадан «Волга» менен 3 млн. долларлык героин алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандыкты кармады. Айдоочунун өзү маңзатынын кантип анын унаасында болуп калганын билбестигин айтты.


Маңзаты казак бажы адистери тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик номуру тагылган «Волганы» текшерүү маалында табылган, деп айтылат Astana TV телеканалы жарыяланган ыкчам видеодо.

Телеканалдын билдирүүсүнө ылайык, маңзаты оролгон 32 килограммдык салмактагы 90дон ашык даана таңгак унаанын дөңгөлөктөрүнүн үстүндөгү темирлерге жашырылган.

Телеканал көмүскө базарларда мындай жүк болжол менен 3 млн. АКШ долларына бааланаарын билдирүүдө.

Казакстандын КТК телеканалынын билдирүүсү боюнча, автоунаанын айдоочусунун өзү маңзаты анын унаасында кантип болуп калганын билбестигин айткан. Айтымында, бул иш аны карматуу үчүн «алдын ала атайын уюштурулган».

«Маңзаты тигине. Мен өзүм да билген эмесмин. Мына, азыр гана билдим. Көрсө муну атайын жасашыптыр. Жок, [мен автоунаанын ээси эмесмин]», — деген ал.

Баңгитрафик — бул Борбордук Азиянын көйгөйлөрүнүн бири. Ага каршы активдүү күрөш маңзатынын жайылышын көзөмөлдөө боюнча атайын структуралар түзүлгөн 70-жылдары башталган.

Укук коргоо органдарынын аракеттерине карабастан көйгөй дагы деле бар — баңгизаттары Кыргызстан менен Казакстан аркылуу Ооганстан менен Пакистандан КМШ өлкөлөрүнө жайылат.

Бүгүнкү күндө маңзатынын Кыргызстанда өндүрүлүшү жана сатылышына каршы күрөшүү менен атайын көз карандысыз структура — Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат алектенет.