Кытайдын борбору — Пекин — 2022-жылкы кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугу үчүн жарышта Алматыдан озуп кетти.

2022-жылкы Олимпиаданы өткөрүү тууралуу чечим 31-июлда, Эл аралык олимпиадалык комитеттин Куала-Лумпурдагы сессиясында кабыл алынды. Пекин комитет мүчөлөрүнүн 44, а Алматы — 40 добушуна ээ болду.

Оюндарды өткөрүү укугу үчүн эки шаар ат салышкан – Пекин жана Алма-Ата. Кытай 2008-жылкы жайкы Олимпиаданы кабыл алган, а Казакстан оюндарды өткөрүү укугун биринчи жолу алышы мүмкүн болмок.

Буга чейин каржы жана саясий себептерге шылтоолоп Осло, Стокгольм, Краков жана Львов шаарлары өз талапкерликтерин алышкан болчу.

«Рейтерс» маалымат агенттиги Пекин кышкы дагы, жайкы да Олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугуна ээ болгон тарыхтагы алгачкы шаар болгонун билдирди. Агенттик жаратылыш шарттарынан улам мелдештердин көбүжасалма карда өтөрүн кошумчалады.

Кытай бийлигинин планы боюнча, Олимпиада Пекиндин өзүндө, ошондой эле Яньцин уездинде жана Чжанцзякоу шаарында өткөрүлөт.

«Би-би-синин» орус кызматы оюндарга даярдык көрүүгө Пекин 3,9 млрд. доллар короторун билдирди. Бирок бул сумманын ичине оюндардын борбору менен оюндар өтө турган башка эки шаардын ортосунда курула турган темир жолдун курулушуна кетчү чыгымдар кирбейт.